Бир айдан бери Алмамбет Шыкмаматовдун кызматка келээр-келбеси тууралуу күбүр-шыбырлар күчөп кетпеди беле. 19-январь күнү мындай маалыматтарга Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров чекит коюп, Алмамбет Шыкмаматовду Бишкек Эркин Экономикалык аймагынын башчылыгына дайындады. Саясат гана эмес, мамлекеттик башкаруудан да тажрыйбасы бийик каарманыбыз бул кызматтан камчы салдырбаса керек. Материалдык жактан тылын бекемдешти пландабай, ниетти түз кылса аталган тармактын башчылыгын көркүнө чыгара аткарары турган иш.