13-январга караган суткада коронавирус Кыргызстанда дагы 742 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык:
Бишкек шаарында — 632, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 42, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 8, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 22, Жалал-Абад облусунда — 15, Баткен облусунда — 8 адамдан илдет табылган.
Сутка ичинде Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 580 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 95 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 187 миң 620 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 629 киши айыгып чыкса, 2 миң 826 адам каза болду.