Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, 6-майга караган суткада вирус дагы 320 кишиден аныкталды.
Маалыматка караганда:
Бишкек шаарында — 246, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 31, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 16, Жалал-Абад облусунда — 11, Баткен облусунда — 2 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 3 бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 97 миң 278 киши вируска чалдыгып, 1 миң 640 бейтап көз жумду.