“Адамзаттын саякаты” деп аталган дүйнөдөгү эң чоң картина Дубайдагы аукциондо 62 миллион долларга сатылды деп маалымдады “Интерфакс” агенттиги. Британиядык сүрөтчү Саша Джафринин кыл калеминен жаралган бул картина 1,5 миң чарчы метр аянтты ээлейт. Картина 70 бөлүктөн турат. Картинаны Дубайда жашаган француз жараны Андре Абдун сатып алды. “Адамзаттын саякаты” Гиннестин рекорддор китебине киргизилген.