Климаттын өзгөрүүсүнөн улам дүйнөдө жаратылыш кырсыктары акыркы 20 жылда 5 эсеге өстү. Бириккен улуттар уюмунун кырсыктарды алдын алуу башкармалыгынын маалыматына ылайык 2000-жылдан 2019-жылга чейин 7 400 ири жаратылыш кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 миллион 230 миң адам каза тапса, 4 миллиарддан ашуун адам жапа чегип, дүйнөлүк экономика 3 триллион долларлык чыгым тарткан.