"Эркин-Тоо"

Дүйнөнүн борбору — Стамбул

Стамбул шаарынан бир көрүнүш

Азия менен Европа ортосунда көпүрө болгон Стамбул шаары дүйнөдөгү эң ири шаарлардын бири. Расмий маалыматтар боюнча Стамбулда 18 млн калк жашайт. Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча Стамбулдун калкы 25 миллионго жакын. Мындан тышкары Түркияга дүйнөнүн ар бурчунан туристтер жылдын кайсы мезгили болбосун токтобой  агылып келип турат. Эки кылым мурда Наполеон “эгерде жер шары бир мамлекет болсо анда Стамбул анын борбору болуп калмак”, — деп айткан экен. Дүйнөнүн борбору болбосо да азыркы Стамбул  үч ири: Рим, Византия жана Осмон империясынын борбору болду.

Эгерде Константинополдун (азыркы Стамбулдун) тарыхына кыскача кайрылсак, гиддердин айтымы боюнча биздин заманга чейинки 7-кылымда шаарды негиздеген адамдын атына Визас деп аталган. Андан кийин Византион, кийин бийлик римляндарга өткөндө Византия болот. Римге чейин бул жерде майда шаарлардын мамлекети болгон. Византия шаары 330-жылы  Рим империясынын борбору  катары Жаңы Рим деп аталган. 337-жылы Улуу Константин I өлгөндөн кийин эски шаарды жаңылап куруп, Рим империясынын борборун көчүргөн император Константиндин урматына  Константинополь деп аталат. Шаар 330-жылдан 395-жылга чейин Рим империясынын борбору болуп турган. 395-жылы Рим империясы экиге бөлүнүп Константинополь Чыгыш Римдин же Византиянын борбору, ал эми Батыш Рим империясы ээлик кылган жерлерин жоготуп, кичирейип отуруп 476-жылы биротоло кыйраган. Византия империясы Рим империясынын  мураскери болуп калат. 

Константинополь үчүн салгылаш (тарыхтан бир элес)

Византия империясынын тушунда Константинополь 24 жолу курчоого алынып, басып алуу аракеттери болгон. Анын үч жолкусунда гана Виззантия багынып берген. Биринчисинде 1204-жылы 4-кресттүүлөр жүрүшүндө  мында Латын империясы түзүлөт. Экинчиси 1261-жылы Никея  гректери Константинополду кайра тартып алып,  өз империясын түзөт. Ал  эми  үчүнчүсүндө 1453-жылы  Осмон империясы Константинополду ээлеп, империянын борбору кылган. Осмондор 1391-жылдан баштап 5 ирет курчоого алып, акыркысында византиялыктардын катуу каршылыгына карабай султан Мехметтин эрки менен 58 күндүк айгышкан күрөштө крепостту жарып өтүп, Константинополго кирип барышкан. Тарыхта Константинополду түрктөрдөн башка готтор, гунндар, арабдар, орус княздары жана башкалар да басып алуу аракеттерин жасашкан экен. Бирок Константинополду басып алып, Рим империясынын мураскери болгон Византия империясын кулатуу осмондорго буюруптур. 

Султанахмет аянты

Султанахмет аянты

Түркия мамлекетинин территориясынын 3%ы гана Европа, 97 %ы Азия же болбосо Анадолу(Анатолий) аймагы болуп саналат. Анадолу дайыма күн тийип турган  жер дегенди түшүндүрөт. 39 райондон турган Стамбул эски жана жаңы шаар деп экиге бөлүнөт. Шаардын тарыхый борбору болгон Султанахмет аянтында  1500 жылдык мезгил мерчемин кучагына алган  Айя-София  баш болгон Египет (же Феодосия) обелискиси(башы кууш бийик мамы), Жылаан колоннасы, Константин обелискиси жана башка Византия  жана Осмон империясы тушунда курулган тарыхый эстеликтер  жайгашкан.

Стамбулдагы тарыхый борбор болуп саналган Султанахмет аянты байыркы менен азыркынын айкалышкан жери десек болот.  Анын негизги бөлүгү  Византиянын  байыркы ипподромунун ордунда жайгашкан. Ипподром 203-жылдары курулган. Болжолу 330-жылдары Константин I ипподромду кайра жасап, аянтын 5,5 гектарга чейин кеңейткен. Ипподромдо 100 миңге чейин отуруучу орун болуп, мында гладиатордук мушташтар,  ат араба жарыш жана башка оюн-зооктор уюштурулуп,  византиялыктардын көңүл ачуу жайы болгон.  Константин I ипподромго жакын жерге император сарайын куруп, бул эл менен императордун диалог жайына айланган. Жаңы император такка отурганда салтанаттуу иш-чаранын бир бөлүгү катары болгон элдик куттуктоо ушул жерде өткөн.

Бүгүнкү күнү Султанахмет аянтында ошол байыркы тарыхтын элесин берип  византиялыктардан калган Египет (же Феодосия) жана Константин обелискиси,  Жылаандар колоннасынын калдыктары сакталып калган. Ошондой эле мында Герман империясынын Осмон империясына белеги Немец фонтаны турат. Ал Германияда жасалып, бөлүк-бөлүгү менен Стамбулга алынып келинип, дал  азыркы турган жерине орнотулган. Аларга жакын жерде кадимки султан  Сулеймандын баш визири Ибрагим жашаган дворец да жайгашкан. Андан 200-300 метрдей жерде Константинополду алгандан кийин курулуп, бир топ мезгилге чейин осмон султандарынын резиденциясы болгон Топкапы турат.

Статистика боюнча Султанахмет аянтына жылына миллиондогон туристтер келип кетет. Дүйнөлүк тарыхтын көөнөрбөс мурасын өзүнө сиңирип алган Түркия тарыхый жайлары менен гана эмес, кооз жаратылышы, ашканасы, таттуулары менен да туристтерди өзүнө тартып турат. Түркия мамлекетинин туш тарабынан  Кара Деңиз, Эгей деңизи, Жер ортолук деңиз, Мрамор жана Босфор суусу  менен курчалып, деңиз жээктериндеги шаарлары заңкайып кооз жаратылышына айкалышып турушу менен да көркөмдүү көрүнөт. Түркия заңгыраган кооз мечиттердин да өлкөсү. Стамбулдун Фатих бөлүгүндө эле 3200дөн ашуун мечиттердин алды Константинополду багындырып алгандан кийин эле курулуп баштаган. Ал эми 1500 жылдык тарыхы бар Айя-София  Византия империясынын тушунда курулуп, 1000 жылдап православиянын  дүйнөлүк борбору болуп келген. Императорлорго таажы кийгизүү аземдери ушул жерде өтүп турган. Бүгүн жер шаарынын кайсы жеринен болбосун Стамбул  жана Айя-Софияны укпаган жана көрбөгөн адам аз болсо керек.

Айя-София мечити

Айя-София

Айя-София  1453-жылы фатих султан Мехмет II Константинополду каратып алганда мечитке айланып, ошондон 1934-жылга чейин Айя-София мечит катары  кызмат кылды. 1934-жылы Мустафа Кемаль Ататүрк бул жерди музейге айландырган.   90 жылдан кийин  2020-жылы Президент Тайип Режеп Эрдогандын жарлыгы менен кайрадан мечитке айланды. Бирок мечит туристтер үчүн ачык жай бойдон сакталып калды. Күн сайын туристтер Султанахмет аянтында ийри-муйру чубалган узун кезекке  карабай Айя-Софияга бир кирип чыгууга кайыл.

Айя-Софиянын ички жасалгасынан бүгүнкү күнү да христиан жана мусулманчылыктын  элементтерин камтыган мозаикаларды көрүүгө болот. Ага кире бериште  3 мозаикалык фигура  азыр да турат. Анда  ымыракай Исусту колуна кармап отурган Мария жана ага сол жагында Византиянын императорлору Константин Константинополь шаарынын макетин, ал эми оң жагында Юстиниан Ыйык София храмынын макетин сунуп турушат.  Айя-Софияда мындан башка да христиан мозаикалары сакталып калган. Байыркы собордо христиан жана мусулман дининин элементтери биздин күндөргө чейин сакталып калышы менен да баалуу.     

Айя-Софиянын ичинде
Айя-Софиянын кире беришинде

Ал эми Айя-Софья храмынын курулушунун да өзүнчө тарыхы бар.  Чиркөө 532-жылы император Юстиниандын  буйругу менен курулуп баштаган. Ушул 532-жылы  ипподромдо Юстинианга каршы көтөрүлүш чыкканда полководец Велизарий  адам канын суудай агызып, 30 миңден ашык адам өлтүрүлөт. Бул тарыхта “ника” деген ат менен эскерилет. Император Юстиниан аз жерден тагынан ажырап кала жаздаган.  Ушундан кийин император бир жагы элди алаксытыш үчүн да бир укмуш  храм курууну чечет. Император жаңы храм-чиркөөнү Иерусалимдеги Соломондун (Соломон Иерусалим храмын курган үчүнчү еврей падышасы)  атактуу храмынан ашып түшкөн храм кылууну максат кылган.

Тарыхта Айя-София Византия империясынын эң кымбатка турган курулушу катары калды.  Өз максатын ишке ашыруу үчүн император эч нерсени аяган эмес. 130 тонна алтын кеткен. Жөнөкөй да алтын эмес, алтындын өзгөчө эритмеси, күмүш, пилдин сөөгү бермет, жана башка баалуу таштар храмды жасалгалоого жумшалган. Курулушка пайдаланылган атайын кошулманын (раствор) сыры ушул күнгө чейин белгисиз бойдон калды. Акиташты арпа суусуна чылап, цементке май кошуп, айтор ошол кездеги курулуштун мүмкүн болгон бардык сырлары жана ыкмалары колдонулат.  Чиркөөнүн ичиндеги колонналардын постаменттерине коргошун кошулган. Империянын туш-тарабынан  гранит,  ак, кызыл, жашыл мраморлор  алынып келинет.  Ошондой эле байыркы архитектуралык элементтер болгон бир нече даяр колонналарды Рим жана Эфес шаарларынан көчүрүп келишкен. Курулушта күн сайын 10 миңдеген адамдар иштеп, 5 жыл он ай дегенде, 537-жылы “храмдардын храмы”  курулуп бүтөт.  Анын ачылышында император Юстиниан императордук эшиктен аттап,  алаканын жайып “О, Соломон, мен сени жеңдим”  деп кирген экен. Тыштан 9 эшик сыйынуучу жайга алып кирет. Анын борбордук чоң эшигинен император жана патриархдын гана кирүү укугу болгон. Ал эшик азыр да турат.

“София” грек тилинен которгондо акыл дегенди түшүндүрөт. Акыл Кудайына арналып Ыйык София (Айя-София) деп аталган. Мында императорлорго таажы кийгизүү аземи болуп турган. 1054-жылы христиан дини православ жана католик болуп  бөлүнгөндө Айя-София Византиянын гана эмес, бүтүндөй православ дүйнөсүнүн башкы храмы болуп калган. 

Албетте, 15 кылымдык тарыхы бар курулуш толук баштагы абалында сакталып калды дешке болбойт. Өзүнүн узун тарыхында храм бир нече ирет өрт чыгып же  жер титирөөлөрдөн жабыркаса да баштапкы абалындай оңдолуп-түзөлүп турган. 1204-жылы 4-кресттүүлөр жүрүшүндө Константинополду  багындырып,  талап-тоноосунда храм баштапкы абалына келтирилгис абалда чоң жабыркаган. Кресттүүлөр бир эле бул эмес Египет, Константин обелискилерине да зыян келтирген.  Ал эми 58 күндүк курчоодон кийин 1453-жылы 29-майда фатих султан Мехмет Константиполду багынтып,  1-июнда бул жерде султан Мехметтин катышуусу менен биринчи жума намаз болгон.

Осмон империясы Айя-Софияны мечитке айландыруу менен ага ылайык  4 минарет куруп, исламдын элементтери менен жасалгаланган. Маалыматтарга ылайык фатих султан Мехмет II нин  көрсөтмөсү менен Айя-Софияда бир минарет, кийинчерээк султан Баязид II  дагы бирди жана султан Селим II эки минарет курган. Айрым христиан элементтеринин мечитте   сакталып калышын бизге намаз өтчү жерден алыс болгондуктан өчүрүлгөн эмес деп түшүндүрүштү. Бүгүн да туристтерди Айя-София мечитинин дубалдарындагы байыркы мозаикалар кызыктырбай койбойт. Мозаикалардын көпчүлүгү император Юстиниандын учурунда тартылган жана кийин да толукталып турган.

Кошумчалай кетсек, Осмон империясы Византиядан калган  байыркы эстеликтерди талкалаган эмес. Тескерисинче, гиддин айтымында аларды жакшы сактоо боюнча атайын  комиссия түзгөн. Ошон үчүн азыркы Түркия мамлекетинин аймагында көптөгөн  байыркынын эстеликтери сакталып, биздин күндөргө жетип отурат.   

Египет обелискиси
Египет обелискисинин төмөнкү бөлүгүндөгү рельеф

Египет обелискиси

Стамбул адамзат тарыхынын Византияга чейинки байыркы доорлордун тарыхый эстеликтеринин  сакталып калышы менен да туристтерди өзүнө тартат. Султанахмет аянтында турган байыркы Египет обилескиси император Константиндин идеясы жана буйругу менен Египеттен алынып келинген деп айтылат. Бирок Константин аны орнотууга жетишпей,   кийинки император Феодосиянын тушунда 390-жылы ипподром аянтына орнотулган экен. Обилеск биздин заманга чейинки XV кылымда жасалып, египет фарону Тутмас III түн башкаруусунун мааракесине арналып коюлган деген маалымат бар. Аны обелискидеги  сакталып калган  иероглиф жазуулары да күбөлөйт. 2000 жылдан кийин ал Константинополго көчүрүлүп келип, ипподромго орнотулган. Төрт кырдуу монолит мунара узарган сайын куушталып, аягы пирамида сынары бүтөт. Анын бетинен египет  иероглифтерин көрүүгө болот.

Кызыл граниттен жасалган облескинин баштапкы салмагы 500 тоннадан ашык,  бийиктиги 38 метр болгон.  Аны Египеттен алып келүү үчүн атайын корабль жасалып, аябай даярдык көрүлөт. Ипподромго орнотууда обелискинин төмөнкү бөлүгүндөгү рельефтерде жана жузууларда өзгөрүүлөр болуп,  Визинтия императору жана ипподром окуялары менен толукталган.  Кыскача айтканда  “Феодосиянын урматына коюлду” деп жазылып,  постаменттеги рельефтерде   императордун катышуусундагы  окуялар, мисалы, мелдештерде жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу жана башка учурлар камтылган.

Албетте, салмагы 500 тонна болгон обелискти  ошончо аралыктан Константинополго толук баштапкы абалында жеткизүү дегеле мүмкүн эмес болчу.  Ал жабыркап экиге бөлүнүп калганы жана орнотуп жатканда кулап калып, кайра тургузулганы  жөнүндө да маалыматтар кездешет. Эмне болгон күндө да аны ипподромго атайын  геран(кран)  менен көтөрүп  коло таяныч менен жасалган мрамор пьедесталга коюлган.  Пьедесталдын төрт тарабында  тең рельефтер жана грек, латын   тилинде жазуулар бар.    

Константин обелискиси

Константин  обелиски

Султанахмет аянтында турган Константин обелискисинин качан тургузулганы боюнча так маалыматтар жок. Болжолу IV-V кылымдарда тургузулган. Анын узундугу башында 32 метр болсо, азыркы учурда 21 метр деп айтылат. Ал Египет обелискисине окшоп монолит эмес, ак кирпичтерден бетон менен кынапталып коюлган. Бул ипподромдогу байыркы Египет  обелискисинен мурда коюлган. Себеби, айрым божомолдор боюнча ипподромго  Египет обелискисин алып келүү пландалып жатканда анын  ордуна  император Константин тарабынан убактылуу коюлган  деген маалымат бар.

Константин 330-жылдары империянын борборун Римден бул жакка көчүрүү алдында ипподром комплексин кайра куруп, бир катар эстеликтерди коюп, жаңылаган. Алардан ичинен Египет, Константин обелискилери жана Жылаан колоннасы  толук бойдон болбосо да сакталып, биздин күндөргө жетип отурат.   

Ушул жерде ысымы империянын жаңы борбору болгон Жаңы Рим шаарына берилген император Улуу Константин I тууралуу азын-оолак айта кетүүнүн туура көрүп турам.

Маалыматтарда Император  Улуу Константин I эски Византияныны ордуна жаңы шаарды курган адам катары эскерилет.  Ал бул жерди Рим империясынын борбору кылууну көздөгөн жана чындап эле империянын борборун Римден Константинополго көчүрөт. Ошондой эле  христиан дининдеги агымдар ортосундагы келишпестиктерди жоюуга аракет жасаган. Ал 325-жылы  Константинополго чектеш Никея шаарына I Ааламдык собор чакырат. Эки айга созулган жыйында христиан дининин 20 канону иштелип чыгып, пасха майрамын майрамдоо мезгили аныкталып,  иудаизмден биротоло бөлүнүү жарыяланат жана ишемби күнкү дем алыш жекшембиге (воскресенье) которулат. Маалыматтарда анын башкаруусу Европага христиан дининин келиши жана христиан дини менен язычествонун(Кудайларга сыйынуу) жанаша жашоосун символдоштуруп турат деген да маалыматтар кездешет.

Жылаан колоннасынын азыркы абалы
Жылаан колоннасынын үстүнкү бөлүгүнүн элеси

Жылаан колоннасы

Султанахмет аянтындагы Жылаан колоннасы азыркы турушунда жөнөкөй көрүнүп, туристтерди анчалык кызыктырбашы мүмкүн. Бирок ал өзүнчө уникалдуу тарыхый эстелик экени калетсиз. Ал 324-жылы император Константиндин буйругу менен алынып келип, ипподромго орнотулган. Бийиктиги 8 метрди түзгөн үч баштуу жылаан колоннасы алгач биздин заманга чейинки 479-жылы Грециянын Дельфи шаарындагы ыйык Апполон храмынын жанына коюлган. Бүгүнкү турушунда бийиктиги 5 метрдей болот. Маалыматарга ылайык колонна Платея салгылашуусунда талкаланган перстердин коло калкандарынан жасалган. Колонна 3 баштуу жылаандын  тулкусу эшилген  элесин берет. Азыркы учурда жылаандын 3 башы тең жок. Маалыматтар боюнча бири Стамбулдагы археологиялык музейде, бири Лондондо Британ музейинде сакталып турат. Бирөөсү белгисиз.

Жылаандын баштарын качан жана ким кесип алганы боюнча ар кандай божомол, легендалар бар. Алардын бири боюнча султан Мехмет Константинополду багындырып алганда жыландын бир башын  кылыч менен кыя чапкан имиш. Бирок  султан Мехметтен кийинки султандын тушунда да жылаандын баштары толук турганы боюнча сүрөттөр сакталып калган. Башка бир легенда боюнча жылаан колоннасы шаарга жылаан жана башка сойлоочу зыянкечтердин келишинен сактап турган. Ошентип, жылаандын 3 башынын кандайча жок болушу боюнча легендалар бар, бирок так маалымат жок.  

Гранд базары

Султанахмет аянтынан бир чакырым жерде  Гранд базар жайгашкан. Ал дүйнө жүзүндөгү үстү жабылган эң ири базарлардын бири. Статистика боюнча Стамбулдагы  Гранд базарга  күнүнө 500 миңден  1,5 миллионго чейин  адам кирип чыгат. Базардын 66 көчөсүндө 4000дей дүкөн бар. Осмон империясынын тушунда бул жерде соода гана болбостон банктар, биржа жайгашып, экономикалык жана финансылык операциялар жасалган.  Турак үйлөр, ресторан,  атүгүл мүрзө да болгон.

Базар Фатих султан Мехмет Константинополду багындырып алганда  султандын буйругу менен курулуп баштаган. Алты кылымдык тарыхы бар Гранд базары бүгүн да туристтер үчүн Түркиядан “базарлык” ала кетчү жайлардын бири. Базардан алтындан баштап кийим-кече, кондитердик азыктары,  булгаары товарлары, керамика жанан жыгачтан буюмдар,  сувенирлер, килем айтор бардыгы сатылат. Бирок туристтик базар болгондуктан мында баалар арзан эмес. Базардын 18 дарбазасы бар. Базардын көчөлөрү эски аталашын сактап калган. Мисалы: Кальянчы, Самовар көчөсү ж.б.

Египет базары

Стамбулдун тарыхый бөлүгүндө чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Египет базары бар. Стамбулдагы Египет базарына байыртан эле Индия, Океания, Африка, Европадан  ар кыл товарлар ташылып келип, товар алмашуунун чордону болгон. Азыркы Түркиянын аймагы географиялык жайгашуусу боюнча эң ыңгайлуу жана  ушуну менен дайыма саясий да, экономикалык да маанилүү роль ойноп келген.   Базарды Осмон империясынын он экинчи султаны Мурад III түн жубайы Сафия султан 1597-жылы куруп баштап, 67 жылга созулган курулушту он сегизинчи султан Ибрагим I дин  жубайы  Турхан султан 1664-жылы аягына чыгарган.

Базарда 80 дүкөн бар. Анда негизинен таттуу азыктар, татымалдар, ар кандай дары чөптөр, кургатылган жемиштер, эт жана сүт азыктары сатылат. Базарга 6 эшиктен кирет.

Султанахмет аянтындагы немец фонтаны
Султан Сулеймандын баш вазири Ибрагим паша жашаган дворец

Бегим ТУРДАЛИЕВА

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!