"Эркин-Тоо"

Дастан Бекешев: Зениттик-ракеталык комплекс сатып алынары сыр болчу

Кыргызстан Беларустан «Печора-2БМ» абадагы соккулардан коргонуучу зениттик-ракеталык комплексин сатып алынары жашыруун маалымат болчу. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин отурумунда аталган аскердик техниканы сатып алуу тууралуу маалымат каралганда, анда «жашыруун» деген мөөрү болгон.

«Депутаттардан (маалыматты – ред.) жарыя кылбагыла деп суранышып, өздөрү баарын айта беришет», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстан Беларустан «Печора-2БМ» зениттик-ракеталык комплексин сатып аларын 19-октябрда коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирген. Анын билдирүүсүнөн кийин жарандар аскердик техниканы жашыруун сатып алуу керектигин айтып, министрди сынга алышкан. Бул боюнча экс-депутат, мурдагы улуттук коопсуздук министри Феликс Кулов комментарий берип, министр эч кандай жашыруун маалыматты ачыктабаганын белгилеген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!