Денис Петрашов баштаган кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр мекенге кайтып келишти

28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 107
26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти.
Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана агенттиктин өкүлдөрү, машыктыруучулар, жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.
Эске салсак, Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы ХХ Азия оюндарынын алкагында өлкө намысын коргоп, улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңди.
28-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Спорт 107
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X