"Эркин-Тоо"

Депутат Алишер Козуев Кытайга виза бергендер 1500 доллардан пара алып жатканын айтты

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев азыркы тапта Кытайга кирүү үчүн миңдеген жарандар электрондук кезекте туруганын айтты.

«Алды 1 жарым айдан бери кезек күткөндөр бар. Акыркы күндөрү электрондук кезекке дагы кире албай жатышат. Ортодо 3-4 кишинин кызыкчылыгынан улам виза маселеси өтө чоң коррупцияга айланды. Бир жарым айдан бери кезеги жетпеген жарандарга, эгер 1000 доллар берсе бир аптанын ичинде, 1500 доллар берсе 3 күндүн ичинде даярдап берип жатышат. Ал жерде карапайым айдоочулар кыйналып жатышат», — деди Козуев.

Ошондой эле ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, маселени көзөмөлгө алууну тапшырды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!