Бүгүн, 10-декабрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний кырдаалды изилдөө борбору ЮНФПА, Мутакалим менен биргеликте диний чөйрөдө долбоордук иш-чараларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңешме өткөрүүдө.
“Координациялык кеңешменин максаты – 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу менен бирге долбоорлор жөнүндө маалымат берүү жана долбоорлордун максаттарына/милдеттерине натыйжалуу жетүү үчүн биргелешкен иштерди жүргүзүү”, — деп белгиледи КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров.
Учурдагы жолугушуу кеңешмеси кыргызстандыктардын, анын ичинде диний жамааттардын өкүлдөрүнүн репродуктивдүү ден соолук жана үй-бүлөнү пландаштыруу маселелери боюнча билимине, мамилесине жана практикалык тажрыйбасына, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуудагы диний уюмдардын ролуна арналды.