Парламент өзүн-өзү таркаткандан кийин Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 30-ноябрга дайындаган. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы саясий өнөктүккө кызуу даярдык көрүп жатат. Кечээки күнгө карата шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардын тизмеси 100дөн ашты. Аламан жарышка ат салышууга белсенгендердин арасында Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы чакырылышынын депутаттары, коомдук жана маданий ишмерлер, ырчы-чоорчулар бар. Тизме күн сайын уланууда. Элдин элегинен өтүүнү каалагандар 10-ноябрга чейин арыз тапшырса болот.
Азыркы аламан жарыштын эрежелери мурдагыларга салыштырмалуу өзгөрдү. Көп мандаттуу аймактан, тагыраагы мажоритардык шайлоо системасы менен өткөрүлүп жаткан бул шайлоодо 30 округдан 90 депутат шайланып келет. Мындайча айтканда, ар бир аймактан үчтөн эл өкүлү болот. Үч депутаттын бирөө башка жыныстан болушу керек. Тагыраагы, эки эркек, бир аял же эки аял болсо бир эркек жаран мандатка ээ болот. Бул жерде белгилей кете турган жагдай, партияларга басым жасалган учурдан бери шайлоодо аймактар эске алынбай калды деген нааразычылык эл арасында кеңири айтылып келген. Эч кимге жалган эмес, кээ бир аймактардан парламентке өкүл кирбей, чекеге сүрүлүп калган учурлар болгон. Ошол эле маалда кайсы бир аймактардан ондогон депутат шайланып, кадимкидей теңсиздик өкүм сүргөнүн көргөнбүз. Мына ошол өксүктү эске алып, бул сапар мандаттар округдарга бөлүндү. Бул аймактардагы адилеттикти камсыздары шексиз.
Ошол эле маалда партиялар чекеге сүрүлүп калган жок, алар да катышса болот. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясына үч партия – «Кырк ууз», «Легалайз» жана «Ынтымак» партиялары өз талапкерлерин көрсөтө тургандыгын билдирди. Мыйзамга ылайык, бул саясий партиялар эми өз курултайларын өткөрүп, ар бир округдан бирден талапкерди жашыруун добуш менен көрсөтүш керек. Ушул жерде баса белгилеп кетсек, партия өзүнүн курултайында ар бир көп мандаттуу шайлоо округунан бирден гана талапкерди жашыруун добуш берүү жолу менен көрсөтө алат. Курултайдын чечими партиянын мөөрү менен бекитилип, кол коюлуп, БШКга жөнөтүлөт. Баса, партия өз мүчөсү болуп саналбаган жаранды талапкерликке көрсөтсө болот. Бирок, ал жаран башка саясий партиялардын мүчөсү болбошу керек.
Эң башкысы, партиялык чайкоочулуктун тамыры кыркылды. Дегенибиз, акыркы жылдарда шайлоо башталары менен партия лидерлери дароо соодасын баштап, миллиондогон долларларга туйтунуп калган. Анткени, аламан жарышка катышып, элдин сынынан өтүүнү самаган талапкер адегенде партиянын катарына тизилгенге аргасыз болчу. Тизменин алдыңкы сабына чыгыш үчүн партия лидерлерине ири суммадагы акчаларды берип, жалдырап турчу. Эч кимге жашыруун эмес, алдыңкы ондук 300 миң доллардан тартып 1 миллион долларга чейин жеткен. Башкача айтканда, шайлоого аттанган талапкер “чү” деген жерден эле коррупциялык тоскоолдукка кабылып, ири сумманы төлөгөнгө мажбур болчу. Бул өтө жаман көрүнүшкө айланып, партлидерлер сүткорлукка берилип кеткен.
Жакында белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров партия лидерлеринин жемкорлугуна айланган ошол системаны эңсеген маек берип, бүгүнкү шайлоо эрежесин сындамыш этиптир. Ооба, ал система Мадумаров өңдүү партия жетекчилерине өтө пайдалуу болчу. Шайлоо сайын тизменин алдыңкы катарын сатып, бир заматта миллиондогон каражатка ээ болуп, бизнес кылышкан. Чоң акчаларды берип алдына тизилип алгандар шайлоо маалында үйүндө жатып же чет өлкөдө сайрандап жүрүп мандат алган. Муну катардагы партиянын мүчөлөрү адилетсиздик экенин айтып, каршы чыккан учурлары көп эле болду. Акчасын төлөй албай партиядан куулгандарды да көрдүк. Беш жыл мурунку шайлоону эле карасак, так ушул Адахан Мадумаров партиянын тизмесинде турган Турсунбай Бакир уулунан 200 миң доллар доолап, акчасын төлөй албай койгондо чыгарып салган.
Ал жагымсыз илдет эми жок болду. Азыркы шайлоо системасында саясий соодагерлердин бизнес кылуусуна жол берилбейт. Партиянын атынан катышкан талапкерлер дагы тизменин алдыңкы сабына турууга муктаж эмес. Кааласа тилемчилик кылган партиянын эшигин тарс жаап чыгып, өзү арыз жазып, шайлоого катыша берет. Айтор, партиянын лидерлери орундарды сатып, акча жасаган доор артта калды, талкаланды. Азыркы катышуу укугу бардыгына тең, бирдей жана эч кимден көз каранды эмес. Талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлдү.
Ошого катар шайлоо системасынын баары автоматташтырылды. Элдин баары шайлоого катышуусу үчүн аралыктан добуш берүү уюштурулуп жатат. Мурда катталган дарегиң айылда болуп, бирок шайлоо күнү облус борборуна же Бишкекке келип калсаң добуш бере алчу эмессиң. Негизи эле шаарда жашагандардын көпчүлүгүнүн каттоосу айылда экени жашыруун эмес, шайлоо күнү добуш бере албай келген. Азыр эми каалаган жериңде жүрүп өзүң катталган аймактын бюллетенин алып, добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Берген добушуң дароо өзүңдүн районуңда коюп жаткан талапкердин эсебине кошулат. Ал жерге адам фактору аралашпайт.
Мындан сырткары, администра-тивдик ресурс деген такыр болбойт. 2020-жылдан бери эле административдик ресурс деген жок болгон. Мамлекеттик кызматкер аралашкан бир да факты болгон эмес. Бирок, ага кошумча Мамлекет башчысы айыл өкмөттөн баштап Министрлер Кабинетинин Төрагасына чейинки ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге кайрылып, шайлоого аралашпагыла деп катуу эскертти. Кимде ким аралашкан болсо, “кызматтан кетип эле тим калбайт, катуу жазасын алат” деди. Бул – ар бирине кагылган коңгуроо. Бир дагы чиновник кылтыңдап, кайсы бир талапкерге үгүт жүргүзө албайт.
Эми бир гана чечүүчү маселе өзүбүздө калды. Добушту сатпай, мамлекеттин эртеңки келечеги үчүн татыктуу талапкерди тандаганды үйрөнүшүбүз керек. “Жол, мектеп, бала бакча салып берем” деп ооз көптүргөндөргө да алданбашыбыз керек. Себеби, депутаттын милдети бөлөк, алар эч нерсе куруп бербейт. Депутат мыйзам жазат, анын аткарылышын көзөмөлдөйт, эл менен бийликтин ортосуна көпүрө болуп берет. Аймактардагы көйгөйлөр болсо бийликке жеткирип, анын чечилишине кам көрөт. Андыктан алдыдагы шайлоодо татыктуу адамдарды колдоп, өнүгүүгө багыт алган мамлекетибиздин оорун колдон, жеңилин жерден алганга көмөктөшөлү.
Зулпукаар Сапанов