"Эркин-Тоо"

Документтерди жасалмалоого шектелген жаран кармалды

Ош облусунда алдамчылыкка жана документтерди жасалмалоого шектелген жаран кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгына жаран Р.Я. кайрылып, Араван районунун тургуну 41 жаштагы И.Х. жана Араван районунун “Глобал Принт” ишканасынын жетекчиси Д.М. үстүнөн чара көрүүнү суранган. Алар 2022-жылдын ноябрь айында Араван районунун Чарбак айылынан эки даана жер тилкелерин алып беребиз деп, андан 650000 сом акчасын алып кетишкен бойдон жерден же акчадан дайыны жок экендигин билдирген.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.
Анын алкагында 2023-жылдын 27-февраль күнү кылмышка шектүү катары Араван районунун тургуну 47 жаштагы Д.М. кармалып, Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү Д.М. жана анын шериги И.Х. жабырлануучуга жер тилкелерин алып беребиз деп, жабырлануучудан 650000 сом акчасын алышып, А.Анаров айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин ажыратып берүү жөнүндөгү токтомун беришкен.
Ош ОИИБдин криминалистика кызматынын соттук кол жазма жана документтердин техникалык экспертизасынын корутундусунун негизинде жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелерин ажыратып берүү жөнүндөгү токтому жасалма экендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 379-беренеси (документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда. Ош шаардык соту тарабынан шектүүгө карата баш коргоо чарасы 1 айга камакка алуу түрү тандалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Кылмышка шектүү 2017-жылы алдамчылык жана документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу беренелери менен 2 жолу соттолгон.
Белгилей кетсек, 2005-жылдан баштап 2023-жылга чейинки мезгилде Ош облусунун аймагында бөтөн жер тилкесин өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге 16199 жарандар мыйзамсыз турак жай курушкан жана фундаменттерди куруп алышкан. Алардын ичинен 12111 адам мыйзамдаштыруу үчүн райондук мамлекеттик администрацияларга жазган арыздары катталып, комиссияда каралып жатат. Кайрылышкан жарандардын 170 турак жайы мыйзамдаштырылган. Андан сырткары бүгүнкү күндө мыйзамсыз салынган 331 турак жайдын пайдубалы мыйзамсыз деп табылгандыктан пайдубалдары буздурулуп жерлер мурдагы калыбына келтирилген. 193 турак жайлардын ээлерине бузуу жөнүндө эскертүүлөр берилген. Ошондой эле мыйзамсыз салынган турак жайларды териштирүү учурунда Ош облусунун аймагында 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине жалпы 5 кылмыш иши катталган (Кара-Суу-4, Өзгөн-1). Анын ичинен 2 кылмыш иши боюнча кылмыштын курамы аныкталбагандыктан Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 27-беренесинин 1-бөл. 2-п. негизинде өндүрүштөн кыскартылган ( Кара-Суу-2). Ал эми 3 кылмыш иши боюнча (Кара-Суу-2, Өзгөн-1) бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!