"Эркин-Тоо"

ДОСУҢ КОШУНА БОЛСО ЖАКШЫ, А КОШУНАҢ ДОС БОЛСО АНДАН ДА ЖАКШЫ

Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин өлкөбүзгө жасаган мамлекеттик сапары кыргыз-өзбек мамилелери жылуу достук жана өнөктөштүк маанайында калыптанып жаткандыгын дагы бир жолу көрсөттү. Протоколго ылайык Өзбекстандын Президентин расмий тосуп алуу аземинде ал каз-катар тизилип турган кыргыз тараптын аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнүн дээрлик баарынын жанына токтоп кол кысышып, жайбаракат пикир алышып турду. Ушундан эле анын бизге болгон жылуу мамилеси сезилип, Өзбек лидеринин мамлекеттик сапарынын маанайын аныктап койгонсуду. Адатта, мамлекет башчылары таанышуу аземинде токтоп, сүйлөшпөйт эмеспи. Ушундан улам “досуң кошуна болсо жакшы, а кошунаң дос болсо андан да жакшы” деген лакап сөз эске түштү.

Өзбекстандын Президентинин мамлекеттик сапарынын соңундагы журналисттерге жасаган билдирүүсүндө Президент Садыр Жапаров: “Бүгүн биз үчүн тарыхый күн. Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктап, Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге ратификациялык грамоталарды алмашты, ошентип чек ара маселелерине чекит коюлду” деп билдирди. Ооба, кыргызөзбек мамлекеттик чек арасы такталып, аягына чыкты. Биз кошуналар менен чек ара чырын далай ирет баштан кечирген мамлекет катары мунун өзгөчө маанилүү экенин жакшы түшүнөбүз. Эки тараптуу мамилелердин муздашына да мына ушул чек ара чырлары себепкер болуп келген эмеспи. Кандай болгон күндө да кошуна мамлекет менен чек ара боюнча өз ара келишип, чечип алдык. Бул туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоого өбөлгө гана болбостон, эки кошуна жана тууган эл ортосундагы экономикалык жана маданийгуманитардык мамилелердин жаңы деңгээлге чыгышына түрткү болоруна үмүт берет. Чек ара маселесинин өз ара сүйлөшүү менен чечилишинде өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин ролу чоң. Бул туурасында сүйлөшүүлөрдө Президент Садыр Жапаров да белгилеп айтты.

Шавкат Мирзиёевдин өлкөбүзгө жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча жалпысынан 24 документке кол коюлду. Анын ичинде эки өлкө ортосундагы Баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндөгү декларация бар. Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда 1996-жылы Түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюлуп, 2017-жылы Стратегиялык өнөктөштүк, достукту бекемдөө, ынак коңшулук жана ишеним жөнүндө декларация кабыл алынган. Мына ушул документтердин жоболорун жетекчиликке алуу менен бул ирет декларациянын аталышы айтып тургандай эки тараптуу мамилелердин бардык чөйрөсүн камтыган программалык документ кабыл алынып отурат. Анда саясий, коопсуздук, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-коммуникациялык, маданий-гуманитардык жаатта өкмөттөр ортосундагы кызматташтык гана эмес, аймактар аралык кызматташуу тармагы да камтылган. Ысык-Көл облусу менен Өзбекстандын Жизак облусу, ЖалалАбад облусу менен Наманган, Баткен облусу менен Фергана облусу, Ош облусу менен Анжиян облусунун кызматташуусу боюнча комплекстүү программаларга кол коюлду. Албетте, эки тараптын жогорку саясий жетекчилигинин жакшы ниетин ишке ашырып, өз ара алыш-бериш кылып, иштиктүү байланыш көпүрөсүн салуу мындан ары аткаминерлердин колундагы иш.

Кыргызстандын ишкер чөйрөсү менен Өзбекстандын ишкер чөйрөсү үчүн Шавкат Мирзиёев Бишкекке келген күнү өткөн бизнес-форум жакшы аянтча болуп берди. Ага эки өлкөдөн 200дөн ашуун ишкерлер катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өлкөбүздө автомобиль жана коммерциялык техникаларды, электртехникалык жабдууларын, электр эсептегичтерди чогултуу, көмүр кендерин жана терини кайра иштетүү, Нарын облусуна картошка өстүрүү жаатында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашылды.

Буга чейин “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча үч тараптуу меморандумга жана “КамбарАта-1” ГЭСин биргелешип куруу боюнча Жол картасына кол коюлган. Мына ушул ири эки долбоордун тең ишке ашуусунда Кыргызстан менен Өзбекстан өнөктөш өлкө катары чыгып жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар бул долбоорду тезирээк ишке ашыруу боюнча болгон аракеттерин көрүү зарылдыгы боюнча бир пикирде болушканы айтылды. Президент Садыр Жапаров журналисттерге билдирүүсүндө аталган темир жолдун курулушу, автомобиль менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууну көбөйтүү да сүйлөшүүлөрдө камтылганын айтты. Мында автомобиль менен жүк ташуу дегенде “Ташкент – Андижан – Ош – Эркештам – Кашкар” жолу жөнүндө сөз болуп жатканын белгилеп коюу керек.

2016-жылдан бери Өзбекстан менен товар жүгүртүүнүн көлөмү жылдан жылга өсүүдө. Ал эми өткөн жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүү көлөмү 1 млрд доллардан ашканын Өзбекстандын инвестиция, өнөр жай жана соода министрлиги билдиргенин “Кактус” жазды. Бирок бул чек эмес. 2023-жылы бул көрсөткүчтү 2 млрд долларга жеткирүү пландалууда. Өзбек президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын маанайы бул ниет-тилектер толук аткарылат дешке негиз берет.

Жалпысынан айтканда, Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары тараптардын өз ара алакабайланыштарды ар тараптуу чыңдоого бекем ниетин ырастап, алдыда эки элдин кызыкчылыгына жооп берген көптөгөн иштер жана пландар бар экенин ачыкайкын көрсөттү.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№7 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 31-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!