Досун суудан издеп, беретин көкүрөгүнө кыскан Акжол: «Ата-энесине өзүм жеткирем»

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 158

Каспий деңизиндеги трагедиядан аман калган жоокер Акжол Темиралиев каза болгон досу Мәдихан Азаматтын беретин өзүнүн оор абалына карабай колунан чыгарбай кармап жүргөн.

Маалыматка караганда, Акжол аман калгандан кийин дагы бир сааттай досун издеп, аны табууга аракет кылган. Ошол учурда көп суу жутуп, өзүн начар сезе баштаган. Акжолдун атасы уулу менен сүйлөшкөнүн айтып, алдыда аны сурак күтүп жатканын билдирген.

Ошондой эле окуяны иликтөө үчүн комиссия келери да маалым болгон.

Акжол каза болгон досунун беретин маркумдун ата-энесине өзү жеткирип берерин айткан. Учурда анын абалы туруктуу.

Ал өз алдынча басып, тамактанып, сүйлөшүп жатат. Дарыгерлер ага медициналык жардам көрсөтүүдө.

Ал эми кырсыктан аман калган дагы эки жоокер тууралуу маалымат Акжолдо жок болгонун атасы билдирди.

25-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 158
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X