"Эркин-Тоо"

Дыйкандарга берилген жеңилдетилген насыя боюнча Төрөбаев үн катты

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев дыйкандарды колдоого бөлүнгөн жеңилдетилген насыяны өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардын компаниялары бөлүп алышкан» деген маалыматты төгүндөп, өзүнүн фейсбук баракчасынан кайрылуу жазды.

Кайрылуусунда ал “Такталбаган маалымат таратып, коомчулуктун көңүлүн туура эмес жакка буруп, азык-түлүк кластерине бөлүнгөн жеңилдетилген насыянын акчасы келбей туруп, «аны бөлүп алды» деген сөз жалган!— деп жазган.

Ошондой эле ал учурда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында аракеттер жасалып, дыйкандарга максималдуу шарт түзүүгө чара көрүлүп жатканын билдирген.

Эске салсак, буга чейин Эльвира Сурабалдиева дыйкандарга бериле турган жеңилдетилген насыя туура эмес бөлүштүрүлүп кеткендигин айтып чыккан.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!