2022-жыл сугат жагынан алганда дыйкандар үчүн жеңил болбойт. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында 2022-жылы дагы жаан-чачын аз болору айтылып, сугат жагынан бир топ түйшүктөр болору күтүлүүдө. Ошондуктан министрлик азыртадан ирригация системасын жакшыртууга аракет кылып Министрлер Кабинети тарабынан бөлүнгөн 1 миллиард сомго 661 каналды ремонттогон. 114 чакырымга созулган каналдардын түбүн бетондоп, 883 чакырымына механикалык тазалоо иштерин жүргүздү. Аскарбек Жаныбеков ирригациялык системалар көп жылдардан бери оңдолуп-түзөлбөгөндүктөн буга чейин суу жоготуулар 50 пайызга чейин жетип турганын билдирди.