«Джунда» заводунун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири көзөмөлгө алынат

13-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 84

12-ноябрда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана «Джунда» мунайды кайра иштетүүчү заводунун жетекчилигинин катышуусунда кеңешме өттү.

Анда Кыргызстандын Президентинин Чүй облусуна болгон иш сапары учурунда Кара-Балта шаарынын тургундары көтөргөн заводдун айланасындагы экологиялык абалга байланыштуу маселелер каралды.

Жыйында экологиялык көйгөйлөр, заводду модернизациялоо иштери, аларды аяктоо мөөнөттөрү жана ишкананын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу чаралары талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында заводдун жетекчилигине аныкталган кемчиликтерди жоюу жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Атап айтканда, зыяндуу заттардын абага чыгышын алдын алуу иштерин кыска мөөнөттө аяктоо, күкүрттүү суутекти бөлүп алуу үчүн жаңы технологиялык жабдууларды ишке киргизүү милдеттендирилди.

Ошондой эле мунай продуктуларын куюу жана төгүү тутумдарынын жылчыксыздыгын камсыз кылуу, саркынды сууларды уруксатсыз агызууга жол бербөө жана экологиялык коопсуздук боюнча мурда берилген эскертүүлөрдү толук аткаруу тапшырылды. Мындан тышкары, заводго жакын аймакка бак-дарактарды отургузуу иштери башталат.

Ал эми Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине заводго мурда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча берилген эскертүүлөрдүн аткарылышын текшерүү тапшырылды.

Министрлик атмосферага чыгарылган зыяндуу заттарга жана саркынды суулардын агызылышына туруктуу мониторинг жүргүзүп, мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүшү керек.

Тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү жана экологиялык мыйзамдардын бузулушуна жол бербөө зарылдыгы белгиленди.

Бул чаралар заводдун айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга, экологиялык коопсуздукту жогорулатууга жана Кара-Балта шаарынын тургундарынын ден соолугун коргоого багытталган.

13-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 84
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X