"Эркин-Тоо"

Эдил Байсалов Таластагы алтын кен комбинатына барды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жерүй кениндеги Талас алтын кен комбинатына барды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын март айында ишкананы ишке киргизүү аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышкан. 2 жыл ичинде ишкана 7 тоннадан ашуун алтын өндүргөн.

Эдил Байсалов ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, алтын бөлүп чыгаруучу фабриканы жана калдык сактоочу жайды көрүп чыкты. Ошондой эле ал вахталык шаарчадагы кызматкерлердин жашоо шарттары менен таанышты.

«Таластагы «Жерүй» алтын кен комбинаты 2022-жылы 23 млрд сомдук продукция өндүргөн. Кыйыр кызмат көрсөтүү тармактарын эсепке албаганда, комбинаттын өзүндө эле 1400 адам жогорку айлык акы төлөнүүчү жумуш менен камсыздалган. Облустук фондго 407 млн сом которулган. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттүн эсебине 1,3 млрд сомго жакын акча каражаты топтолду. 20 жылдан бери бул комбинаттын иштешине каршы чыккандар азыр уялууда. Заманбап технологиялар жана тыкыр жүргүзүлгөн көзөмөл экологияга кымындай да зыян келтирүүгө жол бербейт. Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги Кыргызстандын ар бир аймагында жок дегенде ушундай 3-4 өнөр жай комбинатынын болушун камсыздоо үстүндө иштеп жатат. Бул милдетти ишке ашыруу — өлкөбүздүн келечекте гүлдөп-өнүгүшүнүн негизги шарты», — деди Эдил Байсалов.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!