Эгемендүүлүккө карата Жалал-Абадда 26 объект ачылат
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад облусунда 26 социалдык объект элдин пайдалануусуна берилет.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдиргендей, пайдаланууга бериле турган объектилердин катарында 7 жаңы мектеп, мектептерге кошумча курулган имараттар, 5 бала бакча жана социалдык багыттагы башка бир катар объектилер бар.
Аталган социалдык объектилерди 31-август — Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга тапшыруу пландалууда.