"Эркин-Тоо"

Элечектин кандай түрлөрүн билесиз?

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде саймачы, этно дизайнер Асель Калканованын «Салттуу элечектин түрлөрү» атуу көргөзмөсү ѳттү.

Университеттин ММК жана коомчулук менен байланыш бюросунун адиси Айзат Таласбаеванын билдирүүсү боюнча, иш-чаранын башкы максаты — кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон элечектин тарыхы жана анын тарыхтагы маанисин жаштарга таанытуу болуп саналат.

Кѳргѳзмѳдѳ этно дизайнер Асель Калканованын жеке экспонаттары, кыргыз элинин улуттук баш кийими болгон элечектин түрлѳрү коюлат. Асель Калканова кыргыздын жүзүн дүйнѳгѳ таанытып, кыргыз элинин улуттук баш кийимдерин сактоого жана аны жайылтууга ѳз салымын кошуп келет. Ошондой эле дүйнѳнүн бардык булуң-бурчтарында ѳткѳн эл аралык кѳргѳзмѳлѳрдѳ кѳптѳгѳн ийгиликтерге жетишип, дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюнунда баш байгени жеңип алган.

 

Ак Элечек – энелерден калган мурас. Элечек — бул күйѳѳсү бар аялдардын баш кийими, тагыраак айтканда, элечекти айымдар турмушка чыккандан тарта кийип баштаган. Элечекти кыргыз элинде үчкѳ бѳлүп карашкан: “каляк”, “илеки” жана “элечек” деп. Түштүктѳ элечек “каляк”, ал эми Таласта, Токтогулда “илеки” деп аталган.

Географиялык жана климаттык шартка жараша ар аймактын элечегинин түзүлүшү ар башка жана элечектин чоңдугу анын ээсинин жашоо-турмушуна жараша болгон. Бай, оокаттуу кыргыздар элечекти 25-30 метрден кем эмес кылып ак кездемеден орошкон. Ѳтѳ жардылары беш-жети метр менен чектелишкен. Элечек кышы-жайы дебей аялдардын башынан түшкѳн эмес.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!