"Эркин-Тоо"

Элге ун, кумшекер, май таратылат

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башчысынын орун басары Рустам Каракуловдун берген маалыматына ылайык, калктын аялуу катмарына  ун, кумшекер, өсүмдүк майы гуманитардык жардам катары берилет.

Анын айтымында, тамак-аш коопсуздугун шарттоого өзгөчө көңүл бурулуп, республикалык бюджеттен 2 миллиард сом бөлүнгөн. Ага 63 миң тонна буудай, үч миң тонна кумшекер жана эки миң тонна өсүмдүк майын алынган.
«Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык 11 467 тонна ун таратылат. Фонд өзүнүн запасынан 20 миң тонна буудай алып, анын теңинен көбүн унга иштетти. Мындан тышкары кумшекер жана өсүмдүк майын таратуу боюнча буйрук даярдалып жатат», — деди Рустам Каракулов.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!