"Эркин-Тоо"

Эмгек министрлиги Орусиядагы мигранттарды сак болууга чакырды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү социалдык тармактар жана Telegram сыяктуу мессенджерлер аркылуу жарандарды, анын ичинде жашы жете элек балдарды Орусиянын аймагында террордук актыларга катышуу үчүн активдүү жалдоо жүрүп жатканын эскертет.

Маалыматка ылайык, жалдоочулар негизинен таанышуу максатында байланышка чыгышат. Мындан улам, Орусиянын аймагында жашаган же убактылуу жүргөн кыргызстандыктарга ар кандай чагымдарга алдырбоо, социалдык тармактар аркылуу жумушка орношпоо, түрдүү акцияларга катышпоо, ошондой эле балдарды көзөмөлдөө сунушталат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги террордук актыга катышуу Россия Федерациясынын кылмыш-жаза мыйзамдары менен өмүр бою эркинен ажыратылганга чейин жазаланарын эскертет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!