"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Эми депутаттар манжанын изи менен катталып, добуш беришет

Жогорку Кеңештин депутаттары манжанын изи менен катталып, добуш беришет. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда техникалык жактан даярдык иштери жүрүүдө. Регламент боюнча депутат кайсы бир маселе боюнча өзү гана добуш бериши керек жана добуш берүү укугун башка депутатка өткөрүүгө тыюу салынат.

Белгилей кетсек, депутаттарды каттоо жана добуш берүүдө манжанын изин колдонуу 2026-жылдын январь айынан тарта башталат.