2021-жылдын январь-март айларынын жыйынтыктары боюнча азык-түлүккө болгон баалар өскөнүн бүгүн Улуттук статистикалык комитети билдирип, тагыраагы кумшекер 19,3 пайызга, картошка — 14,0 пайызга, тооктун жумурткасы — 14,0 пайызга, жаңы жашылчалар — 14,0 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майлары — 9,4 пайызга, жаңы эт — 3,6 пайызга, бышырылган азыктар — 2,5 пайыз, нан — 2,3 пайыз, жаңы жемиштер — 2,1 пайызга жогорулаган,-деди. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин көтөрүлүшү (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык аймактарында байкалганы айтылды. Баалардын максималдуу өсүшү (4,4 пайыз) Ысык-Көл облусунда катталган.