"Эркин-Тоо"

Энергетикалык суусундуктарга акциз салыгы 10 эсе азайды

Энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгы он эсе азайтылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. 

Акциз салыгынын өлчөмү 2023-жылдын 1-январынан 31- декабрына чейин 1 литри үчүн 20 сомдун ордуна 2 сомду түзөт.

2024-жылдын 1-январынан баштап бул сумма 30 сомдун ордуна 3 сом болот.

Мындан тышкары 2024-жылдын 1-январынан тарта энергетикалык суусундуктарды милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет.

Алкоголсуз суусундуктарды маркалоо – бул өндүрүмдүн мыйзамдуулугун тастыктаган натыйжалуу механизм жана калкты контрафакталык товардан коргоого багытталган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!