Бүгүн, 10-февралда «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин жалпы жамааты боордош Түркия элинин аза кайгысын тең бөлүшүп, кырсык кесепетин жоюуга жардам көрсөтүү максатында бир күндүк айлык маянасын которуу чечимин кабыл алды.
Урматтуу түркиялык боордоштор, бул кайгылуу күндөрдө биз сиздер мененбиз!
Кошумчалай кетсек, 6-февраль күнү таңга маал Түркия Республикасынын түштүк-чыгыш аймагында катуу зилзала катталып, көптөгөн адамдар урандылар астында калды. Аларды куткаруу ишине кыргызстандык куткаруучулар да кол кабыш кылууда.