Эрлист Акунбеков аймактык өнөр жай жана инвестиция форумуна катышты
Бүгүн, 5-ноябрда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков “Борбор Азиядагы өнөр жай трансформациясы жана инвестицияларды мобилизациялоо” темасындагы өнөр жайды өнүктүрүү боюнча биринчи аймактык форумунун ачылышына катышты.
Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, өнөр жайды өнүктүрүү боюнча мындайаймактык форум, биргелешкен ачык диалог, өнөктөштүктү бекемдөө жана белгилүү бир өнөр жай жана инвестициялык демилгелерди алга жылдыруу үчүн бекем пайдубал боло турган аянтча болооруна ишенээрин билдирди.
“Инвестициялык долбоорлорду сапаттуу даярдоо өзгөчө маанилүү. Бүгүнкү күндөгү заманбап инвесторлор так экономикалык моделди, тобокелдиктерди баалоону, бекем технологиялык компонентти жана ачык-айкын ишке ашыруу механизмин издешет. Ушул себептен улам, биз келечектүү долбоорлорду даярдоо, аларды инвестициялык даярдык этабына жеткирүү үчүн БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюму жана башка эл аралык өнүктүрүү өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдарбыз”, — деди Эрлист Акунбеков.
Белгилей кетсек, Борбор Азия өлкөлөрүн, эл аралык каржы институттарын жана ишкер чөйрөнү бириктирип, инвестициялардын келечегин талкуулаган бул аймактык форум Бириккен Улуттар Уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун колдоосу менен уюштурулду. Форумда айыл чарба жана азык-түлүк өндүрүшү, санариптик компетенцияларды өнүктүрүү, чакан гидроэнергетика, фармацевтика өнөр жайы, ошондой эле текстиль жана тигүү тармагы сыяктуу багыттардагы демилгелер сунушталат.
МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков ошондой эле, акыркы төрт жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу жана күчтүү өсүүнү көрсөтүп жатканын айтып,бүгүнкү форумдун алкагындагы талкуулар мындан аркы практикалык иштерге, жаңы долбоорлорду иштеп чыгууга, каржылоону камсыздоого, өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана конкреттүү демилгелерди ишке ашырууга негиз болоорун кошумчалады. 
Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча биринчи аймактык форумунун жүрүшүндө – өнөктөштүк жана өнүгүү боюнча жалпы көз караш, өнөр жай артыкчылыктарын инвестицияга даярдоо жана кеңейтүүгө мүмкүн болгон демилгелерге айландыруу, негизги жыйынтыктар жана кийинки кадамдар сыяктуу сессиялар уюштурулуп, баяндамалар угулду.