"Эркин-Тоо"

«Европа Биримдиги — Борбордук Азия» саммитинде региондор аралык экономикалык алакалар, климаттык маселелер каралат

Бүгүн, 2-июнда Чолпон-Ата шаарында КРнын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» Экинчи Саммити өтүүдө.

Саммитке Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель катышууда.

Эки региондун ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун учурдагы абалы жана келечек пландары талкууланат, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана Борбордук Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин өз ара аракеттешүүсү боюнча пикир алмашуу болот. Саммиттин алкагында Европа мамлекеттери менен Борбордук Азиядагы мамлекеттердин ортосундагы соода-сатыкты кеңейтүү, транспорттук-логистикалык байланышты өнүктүрүү, климаттык өзгөрүүлөр анын ичинен мөңгүлөрдү сактоо, суу ресурстарын  туура пайдалануу, экономикалык жактан бардык тармактарды санариптештирүү маселелери каралат.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!