"Эркин-Тоо"

Фергана шаарында (Өзбекстан) 8-класстын окуучусу мугалим менен урушуп, терезеден секирип кетти.

Фергана шаарында (Өзбекстан) 8-класстын окуучусу мугалим менен урушуп, терезеден секирип кетти. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 23-майда Куштепа районундагы № 22 мектепте болгон. 8-класстын окуучусу сабак учурунда ачкычты алып кеткиси келип, мугалимден уруксат сураган. Мугалим мектеп окуучусунан беш мүнөт калган сабактын аягына чейин күтүүнү суранган.

Кыз ага баш ийбей, терезеден секирип кеткен. Мугалим сыртка чыгып, окуучуну кайра класска алып келип, урушкан. Бирок кыз экинчи жолу терезеден секирген.

Окуучу кыз денесинен жаракат алган эмес, окуя облустук элге билим берүү башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!