Кечээ Шарджа шаарында Кыргызстандын курама командасы менен Сингапурдун курама командасы бет келишип, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы сингапурлук каршылаштарын 2:1 эсебинде жеңип алды. Эске салсак, бул курама командалар 20 жыл мурда, 2001-жылы дүйнө чемпионатынын тандоо турунда кез келип, ошондон бери ойной элек болчу.