"Эркин-Тоо"

Гапыр Мадаминов билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов билим берүү жана илим министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-мартта министр Каныбек Иманалиев Гапыр Мадаминов менен жолугушту.

Жолугушууда Мадаминов мектеп, ата-эне, бала байланышынын маанилүүлүгүнө токтолуп, директорлор мектебин жана креативдүү мугалимдер кеңешин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Гапыр Мадаминов «Ой өрүшү — кругозор», «Устаттык өнөр», «Ата-энелер сиздер үчүн» жана башка бир канча китептердин автору. Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназияны негиздеген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!