Коргоо министрибиз Бактыбек Бекболотов Беларусь өлкөсүнө барганы маалым болду. Буга чейин беларустук кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшкөн генераллейтенанттын сапары эл аралык аскерий кызматташуунун алкагында болгондугу мекеменин расмий сайты жарыялады. Мындан башка маалыматтар аскер адамдарына байланыштуу ашыкча жарыяланбасы белгилүү да. Неси болсо да генералыбыз жеңил барып, оор келсе болду го? Келди-кетти катардагы сапар кылып, мамлекеттин казынасына залал келтирбей. Чын да!