Греция эң күчтүү токой өртү менен күрөшүп жатат. Ал мурунку түнү Коринф булуңунун жээгинде башталып, катуу шамалдын айынан бат эле чоң аянтка жайылып кеткен. Токойдон чыккан жалын айылдарга жакындап, ал жерден бийлик 200дөй тургунду көчүрүп кеткен. Азыркы учурда, эки жүздөн ашуун адам өрт менен күрөшүүдө, 50 атайын техника, 17 учак жана бир нече тик учактар катышууда.