"Эркин-Тоо"

Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанда кайрадан турнир өткөрөт

Хабиб Нурмагомедовдун мушташ уюму “Eagle Fighting Championship” Кыргызстанда кайрадан ММА боюнча турнир өткөрөт. Бул тууралуу аталган мушташ уюмунун социалдык тармактагы расмий баракчасында айтылат.

Маалым болгондой, мелдеш 10-августка белгиленген.

«Кыргызстанда күйөрмандарыбыз көп болсо керек. Биз сиздер менен 10-августта «Бишкек Аренада» көрүшөбүз», — деп жазылган баракчада.

Турнирдин негизги беттеши “Eagle Fighting Championship” уюмунун чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык Руслан Яманбаевдин беттешүүсү болушу мүмкүн.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!