Камбар-Ата-1 ГЭСи: МинКаб Дүйнөлүк банк менен сүйлөштү

15-сентябрь, 2026-ж. / Айдина Шамшиева / Видео 213

15-сентябрда Бишкек шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Наджи Бенхассин жолугушуп, «Камбар-Ата-1» ГЭС долбоорунун ишке ашырылышын талкуулашты. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аталган долбоор боюнча биргелешкен иштерди мындан ары да улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле ири инфраструктуралык жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын учурдагы кызматташтыгы, биргелешкен долбоорлордун жүрүшү жана орто мөөнөттүү мезгилдеги мындан аркы иш багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Наджи Бенхассин Дүйнөлүк банк Кыргызстан үчүн маанилүү болгон жана өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө багытталган артыкчылыктуу долбоорлор боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда экономикалык өсүштүн жогорку темпи сакталып турат.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X