Кеңешбек Токтомамбетов: Мыйзамга калыс, адамга аяр мамиле кылуу – судьянын эң башкы милдети

4-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 286

Кеңешбек Токтомамбетов 2026-жылдын 5-ноябрында 70 жашка толуп, сот тутуму аны ардактуу эс алууга узатканы турушат. Жетимиш жылдык өмүр жолунда ар кандай кызматтарды аркалап, тергөөчүдөн баштап, өлкөнүн эң жогорку сот инстанциясына чейинки жолду басып өткөн инсандар көп эмес. Ал эми ошол жолдо өзүнүн принциптерин өзгөртпөй, мыйзамга болгон ишенимин жана адамга болгон урматын сактап калуу — өзүнчө эрдик. Кеңешбек Божокоевич Токтомамбетовдун өмүр жолу дал ушул сапаттардын маанисин ачып берет. Нарындан башталган балалык, мектептеги мыкты жетишкендиктер, Карагандыдагы милиция мектебинин тартиби, жаш тергөөчү кезиндеги принципиалдуу чечим, мамлекеттик ишмер Насирдин Исанов менен болгон жолугушуу жана судьялык кызматтагы жылдар — мунун баары бир кесиптик өмүр баяндын гана эмес, адамдык бекемдиктин да тарыхы. Алтымыш жылдык эмес, жетимиш жылдык өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн мамлекетке кызмат кылууга арнаган каарманыбыз менен балалык чагы, кесип тандоосу, кызматтагы оор сыноолору, адилеттик тууралуу түшүнүгү жана жаш муунга айтар насааты жөнүндө маектештик. Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген судьянын курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ардактуу эс алууга узатылып жаткан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун акыркы жылдардагы биринчи судьясы Кеңешбек Божокоевич Токтомамбетов менен кызыктуу маек курдук.

— Кеңешбек Божокоевич, маегибизди балалык кезиңизден баштасак. Сиздин мүнөзүңүздүн калыптанышына үй-бүлөңүз жана ошол кездеги тарбия кандай таасир этти?
— Мен Нарын жергесинде чоңойдум. Адамдын мүнөзү, дүйнөгө болгон көз карашы жана жашоодогу принциптери көбүнчө бала кезинде калыптанат эмеспи. Мен да ошол мезгилде алган тарбиямды өмүр бою өзүм менен кошо алып жүрдүм. Чоң энемдин жана апамдын мээрими, акыл-насааты, атамдын талапчылдыгы жана принципиалдуулугу менин инсан катары калыптанышыма чоң таасир тийгизди. Үй-бүлөдө эмгекти баалоо, сөзгө бекем болуу, жоопкерчиликти сезүү маанилүү эле. Кийин мамлекеттик кызматта иштегенде да ушул тарбиянын пайдасын көп көрдүм. Мен Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектепте билим алдым. Мектепти алтын медаль менен аяктадым. Бул жетишкендик мен үчүн жөн гана жакшы баа же сыйлык эмес болчу. Ал алдыга койгон максатыңа аракет, тартип жана туруктуулук менен жетүүгө болорун көрсөткөн алгачкы тажрыйба эле.Мектепте окуп жүргөндө немис тилине да кызыкчумун. Ошол эле учурда спорт менен машыгып, футбол ойноп, шахматка кызыгып, бокс менен олуттуу алектендим. Спорт адамды чыдамкайлыкка, өзүн көзөмөлдөөгө жана жеңилүүгө да татыктуу мамиле кылууга үйрөтөт. Шахмат болсо шашпай ойлонууга, бир нече кадам алдыны көрүүгө көндүрөт. Кийин бул сапаттардын экөө тең мага кесиптик жашоомдо керек болду.

— Спортко болгон кызыгууңузду эске алганда, келечекте юрист эмес, спортчу болушуңуз да мүмкүн экен да?
— Андай мүмкүнчүлүк болгон. Спортту жакшы көрчүмүн, айрыкча бокс мага жакын эле. Бирок адамдын жашоосунда кээде бир чечим бүтүндөй келечегин аныктайт. Мен укук коргоо тармагын тандадым. Кийин ойлосом, спорттон алган тарбиям бул кесипте да жардам бериптир. Бокс рингинде күчкө гана таянууга болбойт: атаандашыңдын кыймылын байкап, кырдаалды туура баалап, эмоцияга алдырбай аракет кылышың керек. Сот ишинде да ушундай. Биринчи уккан маалымат менен эле бүтүм чыгарууга болбойт. Бардык жагдайларды карап, далилдерди салыштырып, анан чечим кабыл алуу зарыл. «Карагандыдагы окуу жай мени тартипке жана өз алдынчалыкка үйрөттү».

— Сиз Карагандыдагы жогорку милиция мектебинде билим алгансыз. Ал жакка баруу чечимин кабыл алуу оңой болгонбу?
— Чынын айтсам, үй-бүлөм, өзгөчө атам, менин алыска кетип окуума башында анча макул болгон эмес. Анткени, ал мезгилде үйдөн алыс, башка шаарда окуу оңой чечим эмес эле. Анын үстүнө, тандаган кесибим жоопкерчиликтүү жана тартипти талап кылган кесип болчу.

Бирок мен өзүмдүн келечегимди укук коргоо тармагы менен байланыштыргым келди. Карагандыдагы жогорку милиция мектебине тапшырып, окууга өттүм. Ал жактагы тартип, талап жана курсанттык жашоо адамды эрте жетилтет. Убактыңды туура пайдаланууга, тапшырманы так аткарууга, өзүңө гана эмес, жаныңдагы адамдарга да жоопкерчилик менен мамиле кылууга үйрөнөсүң. Мектепти мыкты аяктап, мекениме кайттым. Ошентип, эмгек жолум ички иштер органдарында тергөөчү болуп башталды. Ошол мезгилде укук коргоо кызматкеринин иши кандай оор, ошол эле учурда канчалык маанилүү экенин өз тажрыйбамдан түшүнө баштадым.

— Жаш тергөөчү болуп иштеп жүргөнүңүздө мыйзамсыз талаптарга каршы турганыңыз тууралуу кызыктуу окуя айтылып жүрөт. Ал окуяны өзүңүз кандай эстейсиз?
— Менин кесиптик жолумдагы эң маанилүү сабактардын бири дал ошол алгачкы жылдарда берилген десем болот. Жаш адис кезиңде тажрыйбаң аз болушу мүмкүн, бирок мыйзамды түшүнүүгө, аны сактоого жана өз чечимиң үчүн жооп берүүгө милдеттүүсүң. Төртүнчү курста стажировкадан өтүп жүргөн кезимде кармалган адамга байланыштуу материалдар боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралган. Иштин материалдарын кылдат изилдеп чыгып, кылмыш ишин козгоого жетиштүү мыйзамдуу негиздер жок деген тыянакка келгем. Ошондуктан иш козгоодон баш тартуу чечимин кабыл алгам. Бул окуя мен үчүн мыйзамдын талаптарын так сактоонун, ар бир ишке калыс мамиле кылуунун жана чечимди жеке божомолдорго эмес, мыйзамдуу негиздерге таянып кабыл алуунун маанилүүлүгүн көрсөткөн. Бул чечимим айрым жетекчилерге жакпай, мага басым көрсөтүүгө аракеттер болгон. «Тажрыйбалуу кызматкерлердин талабын аткарбай жатасың» деген маанидеги сөздөр айтылган. Бирок менин позициям так эле: мыйзамдуу негиз жок болсо, кылмыш ишин козгоого болбойт. Кимдир бирөөнүн талабына же кызматтык абалына карап мыйзамды башкача колдонууга акыбыз жок. Ошол учурда жанымда чогуу практикадан өткөн, кийин белгилүү жазуучу жана ички иштер органдарынын ардагери болгон Александр Зеличенко да бар эле. Ал бул окуяны кийин өзүнүн «Шилом бритый» аттуу чыгармасында эскерген.

Албетте, жаш адис үчүн мындай кырдаалда өз позицияңды коргоо оңой эмес. Бирок мен бир нерсени эрте түшүндүм: бүгүн мыйзамдын талабынан бир жолу четтесең, эртең дагы ошондой кадамга баруу жеңилдеп калат. Ошондуктан кесиптик принципти башынан бекем кармануу зарыл.

— Демек, судьялык кызматтагы принциптериңиз тергөөчү кезиңизден эле калыптанган экен да?
— Ооба, ошол жылдарда калыптанган десем жаңылышпайм. Мыйзам баарына бирдей: адамдын ким экенине, кызмат ордуна же коомдогу абалына карап өзгөрбөшү зарыл. Ар бир адамга калыс мамиле жасалып, чечимдер мыйзамдын негизинде кабыл алынышы керек. Тергөөчү болуп иштеген сегиз жыл мага адам тагдырын, далилдин маанисин, мыйзамсыз чечимдин кесепетин терең түшүнүүгө жардам берди. Эң негизгиси, адамдын күнөөсү далилденмейинче ага күнөөлүү катары мамиле кылбоо керек экенин түшүндүм. Мен үчүн адамдын кадыр-баркы ар дайым маанилүү болду. Кызматкердин милдети өзүнүн күчүн же кызматтык мүмкүнчүлүгүн көрсөтүү эмес, мыйзамдын чегинде иш алып баруу. Кийин судья болгондо да ушул түшүнүк менин кесиптик көз карашымдын өзөгүн түздү.

— Сиздин өмүр баяныңыздагы дагы бир өзгөчө учур – ошол кездеги мамлекеттик ишмер Насирдин Исанов менен жолугушууңуз. Бул окуя кандай болгон?
— Новосибирск шаарындагы жогорку партиялык мектепте окуп келгенден кийин мамлекеттик кызматтын башка багытында иштөө мүмкүнчүлүгү пайда болду. Ошол учурда Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган Насирдин Исанов менин өздүк деломду суратыптыр. Жолугушууда мага сунушталган кызматты карап чыгып, анын менин квалификацияма жана тажрыйбама толук туура келбей турганын ачык айтып баш тарткам. Муну кызматты менсинбегендиктен эмес, өзүмдүн даярдыгыма жана мүмкүнчүлүктөрүмө жараша жоопкерчиликтүү иш аткаргым келгендиктен билдиргем. Насирдин Исанов менин түз айтканымды кабыл алып, колумду кысып: «Сен амбициялуу жигит экенсиң! Мүнөздөмөңдө жазылгандарга канчалык туура келериңди өзүм көрүшүм керек. Иштеп, өзүңдү көрсөт. Андан кийин сени райондук аткаруу комитетинин төрагасы кылам», деген экен. Бул сөздөрдү мен ишеним көрсөтүү катары кабыл алдым. Анткени жетекчи адамдын жөндөмүн байкап, ага өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берсе, бул чоң жоопкерчилик жүктөйт.

Биз Насирдин Исанов менен үч айдай чогуу иштештик. Андан кийин мени Жогорку Кеңешке жооптуу ишке чакырышты. Кийин прокуратура органдарында кызматымды уланттым. Бул окуя мага бир маанилүү сабак берди: өз мүмкүнчүлүгүңө ишенүү зарыл, бирок ал ишеним сөз менен эмес, иш менен далилдениши керек. Насирдин Исанов сыяктуу жетекчилердин адамды баалай билгени, ага ишеним көрсөтүп, жоопкерчилик жүктөгөнү өзүнчө чоң мектеп болгон.

— Сиздин эмгек жолуңуз ар түрдүү мамлекеттик кызматтарды камтыйт. Ички иштер органдары, партиялык жана мамлекеттик кызмат, прокуратура, андан соң сот тутуму. Бул тажрыйбалардын кайсынысы сиз үчүн өзгөчө маанилүү болду?
— Ар биринин өз орду бар. Ички иштер органдарында тергөөчү болуп жүргөндө мыйзамды колдонуудагы тактыкты жана далилдер менен иштөөнүн маанисин үйрөндүм. Мамлекеттик кызматта коомдун муктаждыгын, башкаруудагы жоопкерчиликти, кабыл алынган чечимдердин адамдардын күнүмдүк турмушуна кандай таасир этерин көрдүм. Прокуратурада мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнүн, укук бузууларга укуктук баа берүүнүн жана мамлекеттик кызыкчылык менен жарандын укуктарынын ортосундагы тең салмакты сактоонун маанисин тереңирээк түшүндүм. Кийин судьялык кызматка келгенде бул тажрыйбалардын баары мага жардам берди. Себеби сотко ар кандай адамдар, ар кандай тагдырлар жана ар кандай жагдайлар келет. Судья иштин материалдарын гана карабастан, мыйзамдын талаптарын туура колдонуп, чечимдин ар бир жүйөсүн негиздей билиши керек. Менимче, адам кайсы кызматта иштебесин, андан алган сабагын кийинки ишине алып өтө алса, тажрыйба чыныгы баалуулукка айланат.

— 2007-жылы судьялык ишмердүүлүккө кадам таштап, кийин Бишкек шаардык жана Чүй облустук сотторунда иштеп, 2017-жылы Жогорку соттун судьясы болуп шайлангансыз. Судьялык кесиптин эң оор жагы эмнеде?
— Судья болуу – бул жөн гана юридикалык билимге ээ болуу же мыйзамдарды жакшы билүү эмес. Бул адамдын тагдырына байланышкан маселелер боюнча мыйзамдуу, негиздүү жана калыс чечим кабыл алуу жоопкерчилиги. Судьянын чечиминин артында адамдын укугу, үй-бүлөнүн келечеги, мүлкү, эркиндиги, кээде өмүр бою унутулгус окуялар турат. Ошондуктан соттук ишти үстүртөн кароого болбойт. Ар бир тарапты угуп, далилдерди салыштырып, иштин бардык жагдайларын толук изилдөө зарыл.Эң оор нерселердин бири эмоцияга алдырбоо. Бирок бул адамдын сезимдери жок болушу керек дегенди билдирбейт. Тескерисинче, судья адамдын абалын түшүнүшү керек, ошол эле учурда чечимди жеке сезимине эмес, мыйзамга жана далилдерге таянып кабыл алууга милдеттүү. Мен үчүн судьялык мантия эч качан артыкчылыктын белгиси болгон эмес. Ал — коомдун ишенимин актоо милдети. Судья өзүнүн сөзүнө, жүрүм-турумуна, чечимине жана ар бир адамга жасаган мамилесине жооп берет.

— Көп жылдык тажрыйбаңызда адамга карата мамиле менен мыйзамдын талабын айкалыштыруу канчалык маанилүү экенине ынансаңыз керек?
— Албетте. Мыйзамды туура колдонуу үчүн анын текстин гана билүү жетишсиз. Мыйзамдын максатын, укуктук норманын маанисин жана анын адамдын укуктарына кандай тиешеси бар экенин түшүнүү керек. Бирок адамгерчилик деген түшүнүктү мыйзамдын талаптарын четке кагуу менен чаташтырбоо зарыл. Судьянын милдети — кимдир бирөөгө жагуу же бир тараптын көңүлүн табуу эмес. Анын милдети ишти калыс кароо жана мыйзамдуу чечим чыгаруу. Ошол эле учурда сотко кайрылган адам менен сый мамиледе сүйлөшүү, анын жүйөлөрүн угуу, чечимдин себептерин түшүнүктүү баяндоо зарыл. Адам соттон өзү каалаган чечимди албаса да, анын иши калыс каралганына жана жүйөлөрү угулганына ишениши керек. Сотко болгон ишеним дал ушундай мамиледен да калыптанат.

— Сизди билген кесиптештериңиз токтоолугуңузду, жөнөкөйлүгүңүздү, адамдарды кунт коюп уга билгениңизди өзгөчө белгилешет. Ушул сапаттарды көп жылдык кызматта кантип сактап калдыңыз?
— Адамдын мүнөзү убакыт өткөн сайын сыналат. Узак жылдар бою кылмыш иштерин, үй-бүлөлүк талаштарды, адамдардын ортосундагы келишпестиктерди жана оор тагдырларды көрүү оңой эмес. Эгер адам өзүнүн ички дүйнөсүнө көңүл бурбаса, бара-бара башкалардын кайгысын кадимки көрүнүш катары кабыл алып, кайдыгер болуп калышы мүмкүн. Мен андай болбоого аракет кылдым. Ар бир иштин артында тирүү адам турганын унутпоо керек. Бирок бул сезимге алдырып, укуктук баалоону өзгөртүү деген сөз эмес. Тескерисинче, адамды түшүнө билүү менен мыйзамды калыс колдонуу бири-бирине каршы келбеши керек. Мен эч качан кызматтык даражамды адамдарга басым көрсөтүү үчүн колдонууга аракет кылган эмесмин. Кесиптештер менен да, жаш кызматкерлер менен да, сотко келген жарандар менен да мүмкүн болушунча бирдей урмат-сый менен мамиле кылууга умтулдум. Кээде катуу сүйлөп, үнүңдү көтөрүп коюу оңой. Бирок токтоо сүйлөп, жүйөңдү түшүндүрүп, адамды угуу көбүрөөк сабырдуулукту талап кылат. Менимче, чыныгы кесипкөйлүк да ушунда.

— Ушунча жылдык жооптуу кызмат, татаал иштер, тынымсыз эмгек. Мындай жолдо үй-бүлөнүн колдоосу канчалык маанилүү болду?
— Үй-бүлөнүн колдоосу абдан маанилүү. Мамлекеттик кызмат убакытты да, күчтү да талап кылат. Кээде жумуштагы жоопкерчилик үйгө алып келген түйшүккө айланып кетиши мүмкүн. Мындай учурда жакындарыңдын түшүнүүсү, сабырдуулугу жана колдоосу адамга чоң күч берет. Жубайым экөөбүз уул-кыздарыбызга жакшы билим, татыктуу тарбия берип, аларды өз алдынча ой жүгүрткөн, эмгекти баалаган, адамгерчиликтүү инсандар кылып өстүрүү биз үчүн эң маанилүү милдеттердин бири болду. Мен үчүн ата болуу — жөн гана үй-бүлөнү материалдык жактан камсыз кылуу эмес. Балдарың менен сүйлөшүү, аларды угуу, туура багыт көрсөтүү жана өз жүрүм-турумуң менен үлгү болуу да маанилүү. Балдар көбүнчө айткан сөзүңдөн эмес, жасаган ишиңден сабак алышат. Балдарыма чынчыл болууну, эмгектен качпоону, улууну урматтап, кичүүнү ызааттоону үйрөтүүгө аракет кылдык. Ар бир баланын өз мүнөзү, өзүнүн жолу бар. Ата-эне катары алардын ошол жолду туура тандап, коомго пайдалуу адам болуп калыптанышына шарт түзүү биздин милдетибиз болду. Жубайымдын үй-бүлөгө кам көрүп, балдарды тарбиялоодогу салымы чоң. Көп жылдык кызмат жолунда жакындарыңдын түшүнүүсү жана колдоосу болбосо, көп нерсеге жетүү кыйыныраак болмок. Ошондуктан мен өзүмдүн жетишкендиктеримди жеке эмгегим менен гана байланыштырбайм. Анын артында үй-бүлөмдүн да салымы бар.

— Эми ардактуу эс алууга кадам таштап жатасыз. Алдыдагы мезгилди кандай элестетесиз?
— Адам өмүрүнүн ар бир этабынын өз милдети бар. Жаш кезде билим аласың, кесип үйрөнөсүң, андан кийин үй-бүлө багып, коомго жана мамлекетке кызмат кыласың. Жетилген куракта топтогон тажрыйбаң менен бөлүшүп, кийинки муунга жол көрсөтүүгө аракет кыласың. Ардактуу эс алуу — бул жашоонун аякташы эмес, анын башкача нукка өтүшү. Албетте, көп жыл бою көнүп калган иш тартибиң өзгөрөт. Бирок адамдын үй-бүлөсү, кызыгуулары, жакындары жана жашоого болгон жоопкерчилиги кала берет. Эми убактымды үй-бүлөмө, балдарыма, жакындарыма көбүрөөк бөлүп, көптөн бери убакыт жетпей жүргөн иштерге көңүл бурууга мүмкүнчүлүк болот деп ойлойм. Ошондой эле жаш адистер менен тажрыйба бөлүшүп, керектүү учурда акыл-кеңеш берүүгө даярмын. Мен үчүн эң башкысы-артка кылчайганда жасаган иштериңе өкүнбөй, өз абийириңдин алдында жүзүң жарык болушу. Кызматтык мөөнөт бүтөт, кызмат орду өзгөрөт, бирок адамдын аты, ага болгон ишеним жана калтырган изи маанилүү бойдон калат.

— Кеңешбек Божокоевич, өмүрүңүздүн чоң бөлүгүн мамлекеттик кызматка жана сот адилеттигине арнадыңыз. Артка кылчайып караганда, өзүңүз үчүн эң чоң жыйынтык деп эмнени эсептейсиз?
— Ар бир адамдын жашоосунда жетишкендиктер да, кыйынчылыктар да болот. Мен да оңой эмес учурларды баштан өткөрдүм. Ар кандай кызматтарда иштеп, ар кандай адамдар менен жолугуп, көп нерсеге күбө болдум. Бирок мен үчүн эң маанилүү нерсе — кайсы кызматта иштебейин, мыйзамды жана өзүмдүн кесиптик принциптеримди сактоого аракет кылганым. Кээде туура чечим кабыл алуу оңой болбойт. Бирок кийин ошол чечимиң үчүн уялбай турганыңды билүү адамга ички тынчтык берет. Мен эч качан кызматтык наамды же ээлеген ордумду жашоодогу эң чоң байлык деп эсептеген эмесмин. Алар убактылуу. Ал эми ишеним, адамдык кадыр-барк жана абийир көп жылдык эмгек менен калыптанат.Эгер кесиптештерим мени мыйзамга берилген, адамдарды урматтаган, өз милдетине жоопкерчилик менен мамиле кылган адам катары эстешсе, мен үчүн бул чоң баа. Жаштарга айтарым: кайсы кесипти тандабаңыз, аны чын ниет менен аткарыңыз. Өзүңүзгө берилген ишенимди актаңыз. Кыйын учурда да адамдык сапатыңызды жоготпоңуз. Анткени, кызмат адамды бийиктетиши мүмкүн, бирок анын кандай адам экенин көрсөткөн нерсе, өзүнүн жүрүм-туруму жана жасаган иши.

— Маегибиздин соңунда жаш муундарга жана жалпы окурмандарга жана судьялык кесипке умтулган жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз?
— Жаштарга айтарым: кайсы кесипти тандабаңыз, аны чын ниет менен аткарышсын. Биринчиден, билимге олуттуу мамиле кылышсын. Юридикалык билим бир жолу диплом алгандан кийин токтоп калбашы керек. Мыйзамдар өзгөрөт, коом өзгөрөт, жаңы укуктук маселелер пайда болот. Ошондуктан дайыма окуп, изденип, өз билимин жаңылап туруу зарыл. Экинчиден, мыйзамды жаттап алуу менен чектелбестен, анын маңызын түшүнүүгө аракет кылышсын. Бир эле норма ар кандай жагдайда колдонулушу мүмкүн, ошондуктан укуктук ой жүгүртүү жана далилдерди талдай билүү маанилүү. Үчүнчүдөн, өз абийирине каршы иш кылбоону үйрөнүшсүн. Кызматтык басым, коомдук пикир же жеке кызыкчылык адамдын чечимине таасир этпеши керек. Эгер мыйзамдуу негиз жок болсо, аны бардай көрсөтүүгө болбойт. Төртүнчүдөн, адамды урматтоону унутпасын. Юристтин алдында турган адам өзүнүн укугун коргоону күтөт. Ал адамдын билими, байлыгы, кызматтык абалы же коомдогу орду кандай болбосун, мыйзам алдында баарынын укуктары урматталышы керек. Акырында айтарым: жакшы юрист болуу үчүн көп окуу керек, ал эми татыктуу адис болуп калыптануу үчүн билим менен катар абийир, сабырдуулук жана жоопкерчилик керек.

Маектешкен Чынара КАЛМАТОВА

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X