Баткен облусунун 10 айылына таза суу берилди

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Адабият 79

Баткен облусунун төрт айыл аймагында таза суу объектилери пайдаланууга берилди. Натыйжада Кадамжай жана Баткен райондорундагы 10 айылдын тургундары таза ичүүчү суу менен камсыздалды.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн катышты. Жеринде Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана район жетекчилери болушту.Возможно, это изображение силосная яма и нефтеперерабатывающий завод

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Үч-Коргон, Калача, Тегирмеч, Чаувай айылдарында суу системалары курулуп, 20 миң 731 тургун таза суу менен камсыз болду. Ал эми Совет айылында суу менен камсыздоо системасы жаңыланды.

Ошондой эле Баткен районунун Самаркандек жана Ак-Татыр айыл аймактарындагы беш айылда суу түтүктөрүн тартуу иштери аяктады. Долбоордун алкагында 18 миң 895 тургунду таза суу менен камсыздоо каралган.Возможно, это изображение текст

Белгилей кетсек, «Баткен жана Талас облустарында айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу» долбоору 2020–2026-жылдары АРИС тарабынан ишке ашырылууда. Жалпы каржылоо көлөмү 60 миллион АКШ долларын түзүп, эки облустагы 61 айылдын 150 миңге жакын тургунун таза суу менен камсыздоого багытталган.

5-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Адабият 79
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X