Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында өлкөдөгү ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 626 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 569 миллиард сомду түзүп, 4,1 пайызга көбөйгөн.