Билим берүү жана илим министри А. Б. пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин кызматкерлери пара алуу учурунда Илим жана билим министри Б.А. кармашкан. Азыркы учурда чет өлкөлүк студенттерди Ата Мекендик жогорку окуу жайларга кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110000 АКШ доллары) пара алуу фактысы иликтенүүдө. Кылмыш ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар берилет.