"Эркин-Тоо"

ИИМ: ЖУАБга бир жылда 1200дөн ашуун жашы жете электер жеткирилет

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна (ЖУАБ) 3 жаштан 18 жашка чейинки үйлөрүнөн жана балдар мекемелеринен ɵз алдынча кетип калгандар, издɵɵдɵ жүргɵн жана ата-энелери же аларды алмаштырган адамдары жок, мамлекеттин жардамына муктаж болгон жашы жете электер жеткирилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык ЖУАБга бир жылда 1200дөн ашуун жашы жете электер жеткирилет. Акыркы 11 ай ичинде КМШ аймагында ата-энеси же аларды алмаштырган адамдары жок жүргɵн Кыргыз Республикасынын жарандары (16 жашы жете элек балдар: үчөө кыз бала,  13 эркек балдар) ЖУАБка жеткирилген.  ЖУАБтын кызматкерлери Казакстан Республикасына иш сапары менен барып, 2 жашы жете элек баланы туруктуу жашаган жерине кайтарып алып келишкен. Ал эми калган 14 бала  Россия Федерациясынын компетенттүү органдары тарабынан кайтарылган.

Жашы жете элек балдардын ɵздүгүн, ата-энелердин жашаган жерин тактоо, ошондой эле мамлекеттик чек аралардан ɵтүүдɵ талап кылынуучу документтерди аныктоо максатында, ЖУАБ Россия Федерациясынын Москва жана Санкт-Петербург шаарлары боюнча ИИМдин башкы башкармалыгынын “Укук бузууларды жасаган жашы жете электер үчүн убактылуу борбору”, Казакстан Республикасындагы Билим берүү башкармалыгынын “Балдарды адаптациялоо борбору” жана Өзбекстан Республикасынын ИИМнин “Жашы жете электерге социалдык-укуктук жардам кɵрсɵтүү борбору” сыяктуу транзиттик борборлор менен тыгыз байланышта иш алып барууда.

Кайтарылган жашы жете электер менен алардын жашоо-шартын, үй-бүлɵдɵгү тарбиясы жана башка мамлекеттин аймагында болуунун себептерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, аларга келген ата-энелерине же аларды алмаштырган мыйзамдүү ɵкүлдɵрүнɵ тапшырылып берилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!