8-июлдан тарта Индия, Иран жана Кытайдын жарандары Казакстанда 14 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Мындай уруксат иш менен, конокко же турист болуп келгендерге жайылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалардын бири жазып чыкты.
Маалыматка караганда, жарым жылда ал өлкөлөрдүн жарандары жаңы визасыз режимге ылайык 42 күндөн көп жүрө албайт. Мыйзамды бузгандар административдик жазага тартылмакчы.
Июнда Казакстандын маданият жана спорт министри жарандары визасыз келе алган мамлекеттердин санын жүзгө жеткирерин билдирген. Ержан Еркинбаев ошондой эле быйыл чет жактардан бир миллионго чейин туристтин келиши күтүлгөнүн айткан.
Былтыр кошуна өлкөгө 330 миң турист келгени катталган. Пандемияга чейинки 2019-жыл менен салыштырганда бул 33,7 пайызга аз.