Россиядагы Ижевск шаарындагы №88 мектептеги ок атуунун курмандыктары он жети адамга жетти, анын ичинде жети окуучу бар.
Андан тышкары 21 адам, анын ичинде 14 окуучу жабыркаган. Ал арада милиция мектепке ок чыгарган адам өзүн-өзү өлтүргөнүн билдирди.
Эске салсак, 26-сентябрда эртең менен куралдуу адам Ижевскидеги мектептердин бириндеги окуучуларга кол салганы кабарланган. Күбөлөрдүн айтымында, кара костюмчан адам мектепке кирип барып, эки кароолчуну атып, андан кийин окуучуларга, мугалимдерге ок чыгарган.