"Эркин-Тоо"
Дүйнө

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялады

Израилде блокададагы Газа тилкесинен башталган чабуулдардан кийин согуш абалы жарыяланды.

Израилдин премьер-министринин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, премьер-министр Беньямин Нетаньяху, коргоо министри Йоав Галлант, башкы штабдын төрагасы Герзи Халеви жана чалгындоо жана коопсуздук кызматкерлери коопсуздук жыйынын өткөрүштү.

Сессиядан кийин өлкөдө «согуш абалы» жарыяланган.

Премьер-министрликтин билдирүүсүндө да : «Газа тилкесинен жасалган кандуу террордук кол салуу Израилди согушка мажбурлады жана согуш 2023-жылдын 7-октябрында таңкы саат 06:00дө башталды»,-деп айтылат.

Хамастын аскерий канаты Кассам бригадасы кечээ эртең менен Израилге каршы «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялады. Газадан Израилди көздөй миңдеген ракеталар атылганда, куралдуу топтор аймактагы отурукташуу жерлерине киришкен.

Израиль армиясы да ондогон согуштук учактары менен Газа тилкесине чабуул баштаган.