"Эркин-Тоо"

Күндөн-күнгө алака-катыш күчөп жатат

Президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен чакан чөйрөдө жолугуп сүйлөшкөнүн маалымат кызматы кабарлады. Кыргызстан Казакстандын кудай кошкон кошунасы жана союздашы, ал эми кыргыз эли эзелтеден казак эли үчүн эң жакын экенин Токаев белгиледи. Мамлекет башчылар кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелерин, аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашкан. Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевди жана боордош казак элин эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, Казакстан менен кызматташууну бекемдөөнү жеке милдети деп эсептей турганын кошумчалады. «Ал эки өлкөнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана колдоого негизделген ар тараптуу кызматташуу күндөн-күнгө тереңдеп жатканын канааттануу менен белгиледи. Президент Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу биргелешкен өз ара алаканы өнүктүрүүнүн мындан аркы келечегин аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишеним артты», — деп айтылат маалыматта. Өз кезегинде Токаев Кыргызстан Казакстандын кудай кошкон кошунасы жана союздашы, ал эми кыргыз эли эзелтеден казак эли үчүн эң жакын экенин белгиледи. Ошону менен бирге үстүбүздөгү жылы дипломатиялык мамилелердин орногондугунун 30 жылдыгы белгиленип, бул убакыт аралыгында ортодо достук мамилелер чыңдалып саясий диалог, мамлекеттер аралык жана парламенттер аралык байланыштар түзүлгөнүн кошумчалады.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!