"Эркин-Тоо"

Көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 60 адам эвакуацияланды

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Токтоналиев атындагы көчөдө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подъездиндеги электр калканынан өрт чыккан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө таңкы саат 6:14тө жана 6:35, 6:36да үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.

Өрт саат 8:09да өчүрүлгөн.  Өрттүн кесепетинен 2-кабаттан 12-кабатка чейинки электр калкандары күйүп кеткен.

Куткаруучулар өрт болгон үйдөн 60тай кишини эвакуациялашкан. Өрттүн себеби такталууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!