"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Кадамжай районунун акими кызматынан бошотулду

Шакиров Кутпидин Абдурахманович Баткен облусунун Кадамжай районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан бүгүн, 12-декабрда билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, өлкө башчысы 12-декабрда Кадамжай районунда иш сапары менен барган.