"Эркин-Тоо"

Кадамжайда контрафакттык продукциялар сакталган кампа аныкталды

Кадамжайда контрафакттык продукциялар сакталган кампа табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-октябрда КР УКМК Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан контрафакттык продукцияга каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кадамжай районунун аймагында контрафакттык продукциялар сакталган кампа аныкталды.

Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы жана Прокуратуранын кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай шаарынын Жийделик айылынын аймагынан шарап азыктарын кампага түшүрүп жаткан жеринен «Хундай-Портер» үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Натыйжада, 1580 даана алкоголдук продукция, сметалык баасы 277 950 сомду түзгөн «СВВЗ» ЖЧКсынын көрсөтүлгөн акциздик маркаларынын көлөмүнүн ортосундагы айырмачылык менен табылды.

Чогултулган материалдардын негизинде Кадамжай районунун Прокуратурасы тарабынан Маалыматтарды каттоо журналына каттоого алынып, анын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!