Калашников автоматын мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 20-июлунда ИИМнин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоого бөгөт коюу бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарында “Тойота Королла” үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда унаанын багажынан Калашников автоматы 8 огу менен табылып алынган.
Мыйзамсыз сакталган курал Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1981-жылы туулган Х.А. таандык экени аныкталган.
Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-берененин 2-бөлүмү (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон.
Кармалган адам Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга киргизилген.