"Эркин-Тоо"

Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлөт

Бүгүн 6-декабрдан баштап жарандарга акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталат. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиди.

Маалыматка ылайык бул аркылуу калкка укуктук жардам көрсөтүү, калктын аялуу тобунун укуктук корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, калкты укуктук агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүлөт.

Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардамды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координаторлору, адвокаттары, юстиция органдарынын кызматкерлери, аймактык юстиция башкармалыктарынын алдындагы калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлордун кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар көрсөтүшөт.

Мындан тышкары, декадада социалдык, үй-бүлөлүк жана башка маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышат. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана иши укуктук жардам көрсөтүүгө байланышкан бир катар коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, МКЮЖ КБнын Координациялык кеңешинин, МКЮЖду өнүктүрүү үчүн Улуттук тармактын мүчөлөрү, ЖОЖдордун юридикалык клиникалар катышат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!