"Эркин-Тоо"

Каниет ДӨӨЛӨТБАКОВ: “Сугат суусу менен убагында камсыз кылуу мол түшүмгө өбөлгө”

Чүй райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Каниет ДӨӨЛӨТБАКОВ

Жергебизде кыш чилдесинин ызгаардуу күндөрүнө карабастан, Чүй райондук суу чарба башкармалыгынын жалпы жамааты жазгы талаа жумуштарына карата сугат суу менен талапка ылайык камсыз кылуу үчүн түмөн түйшүктөрү менен алек. Кайсы мезгил болбосун суу чарба башкармалыгынын күжүрмөндөрү маңдай терин даркан талаага төккөн баба дыйкандардын мол түшүмгө ээ болуусуна кам көрүшөт. Чүй райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Каниет Кубанычбекович учурдагы жооптуу милдеттерди ийгиликтүү өтөп, алдына коюлган милдеттердин өтөсүнөн чыгуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун аракетинде. Элибиздин бардар жашоосуна негиз түзгөн айыл чарба тармагындагы жетишкендиктер сугат суусу менен убагында камсыз кылууга байланыштуу экенин туура түшүнгөн Каниет мырза биздин кабарчыбыз менен болгон маегинде тармактагы жасалып жаткан иштер тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

— Каниет мырза, акыркы жылдары ирригация тутумдарына мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп, суу чарба тармагына ар тараптуу колдоо болуп жатканы жакшы жышаан. Сиз жетектеген башкармалыкта абал кандай?

— Биздин жамаатыбыз даркан талаалардагы эгиндердин, жашылча-жемиштердин мол түшүмдөрү үчүн кышы-жайы тыным албай жаныбызды карч уруп иштейбиз. Сиз туура белгилегендей, акыркы жылдары мамлекетибиз ирригация системасына өзгөчө көңүл бура баштады. 2022-жылы 30 жылдан бери ирригация тутумуна убада кылынып, бирок бөлүнбөй келген каражаттар бөлүнүп, көп иштерди жасадык. Кудайга шүгүр, өткөн жылы биздин районубузга 29 млн сом акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күндө ирригациялык каналыбызды аяктагына турабыз. Андан сырткары, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу дагы 4 млн долларлык долбоор өткөрдүк. Долбоордун 1-этабында эки атайын техника каралган болчу. 178 миң долларга бир экскаватор, андан сырткары 64 миң долларга бир “Хово” жүк ташуучу унаа алып, учурда ошол техникалар менен иш жасап жатабыз. Андан сырткары биздин ирригация тутумундагы ички чарбалык каналдарыбыз боюнча дагы көп жылдардан бери айыл өкмөттөр, СПАлар долбоор менен чуркап, айыл башчылар иштеп жатышат. Бул жагынан чынын айтсак, биздин эле райондо эмес, жалпы Кыргызстан боюнча ирригация тутумдарына 30 жылдан бери каражат дагы толук кандуу бөлүнгөн эмес. Өткөн жылдагыдай иштин натыйжасы дагы болгон эмес. Жакшы ийгиликтерге жеттик.

— Жайында сугат суу маселеси жаралбайбы, сугат суу жетиштүү эле болобу?

— Биздин Чүй району беш сугат системасынан, мындайча айтканда беш чоң каналдан суу алабыз. Арыктарда суу толук кандуу болбосо дагы мурунку жылдардагыга караганда көлөмдүү болду. Өткөн жайда өзүбүздүн районубуз боюнча 27 020 гектар аянтта эмгектенген дыйкандарыбызга сууну өз убагында жеткиргенге аракет кылып жаттык. Мээнетибиз кайтып, дыйкандарыбыздын түшүмү жакшы болду. Эч кандай арыз-даттануу болгон жок. Быйылкы жылы дагы сугат суусу менен камсыз кылууда үзгүлтүккө учураптоо үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз.

— Сугат системасындагы техникалык каражаттарды оңдоп-түзөө иштери кандай жүрүп жатат?

— Быйыл өзгөчөлөнүп буга чейинки зарыл болгон материалдарыбыздын бардыгын тендер аркылуу алдык. Оңдоо иштерин өзүбүздө иштеген жумушчуларыбыз жасады. Азыркы күндө да кыш мезгилине карабай латокторду коюп жатабыз. Кегети айыл өкмөтүндө жайгашкан “Дөң” деген каналыбыздын сметалык баасы 19 млн 38 миң сомго бааланган. Каналыбыздын жасай турган узундугу 2 чакырым 560 метр. Бүгүнкү күндө бүткөнү – 2 чакырым 300 метр. 270 метрибизге жакыны бүтпөй калды. Аны Кудай буюрса эрте жазда жасайбыз.

— Учурда жазга даярдык иштери жүрүп жатат да…

— Ооба, азыр өзүңүздөр көргөндөй жогоруда айткандай сырттагы эки техникабыз менен механикалык тазалоо иштерин кылып жатат. Ирригация системасы тууралуу чынын айтсак, жыл өткөн сайын каналдарыбыз оңолуп, тазаланып, жакшы иштер болуп жатат.

— Башкармалыкта эмгектенген кадрларыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— Кадр маселеси боюнча айтсам, суу чарба башкармалыгыбызда штатта жалпысынан 71 кызматкер эмгектенет. Алар 73 бөлүмгө бөлүнгөн. Кегети, Шамшы, Чүй бөлүмдөрү бар. Ар бир бөлүм өзүнүн кызматын өтөйт. Ар бир бөлүмдүн өзүнүн инженерлери, гидрометерологдору бар. Учурда каналдын боюндагы бактарды кыюу боюнча иштер жүрүп жатат. Быйылкы жылы урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун Жарлыгы менен айлык акыларыбыз көтөрүлдү. 4 миң сом алган кызматкерлерибиз 12 миң сом алып калышты. Бирок, эми бул дагы аздык кылат. Дагы да көтөрүлөт деген ойдобуз. Ошого карабастан кызматкерлерибиз өз жумуштарын аткарып жатышат.

— Башкармалыктын алдында кандай максаттар турат?

— 2023-жылга карата алгылыктуу ири долбоорлорду планыбызга киргизип жатабыз. Азия өнүктүрүү банкы менен жогоруда айтып кеткендей 4 млн долларлык долбоор өткөргөнбүз. Ал долбоорду 2023-жылдын жаз айынан баштап чарбалык Осмон каналын бетондойбуз. Анын узундугу 22 чакырымды түзөт. Андан сырткары, 31 млн сомдук дагы бир каналыбызды долбоорго киргизип жатабыз. Ал канал Р-12 деп аталат. Азыр ошол долбоорду ишке өткөрүүнүн аракетинде иштер жүрүүдө. Андан сырткары ички чарбалык каналдар боюнча да дүйнөлүк банктан долбоорлор келип жатат. Айтор бардык ирригациялык каналдарыбызга долбоор жазып, ирригация тутумдарын жакшырталы деген максаттарыбыз бар. Ирригация системасы жакшыртылса, сугат суусу өз убагында талааларга жетип, мол түшүм алууга өбөлгө түзөт эмеспи. Ошону менен бирге өлкөбүздүн азык-түлүк менен камсыз кылуу программасына өз салымыбызды татыктуу кошуунун үстүндө иштей бермекчибиз.

— Каниет мырза, маанилүү маегиңиз үчүн чоң рахмат! Алдыдагы ири максаттарыңыз ишке ашып, кадырбаркыңыз жогорулап, жүзүңүз жарык болсун!


ЖЕТЕКЧИ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ

Дөөлөтбаков Каниет Кубанычбекович Токмок шаарында туулуп-өскөн. Орто мектепти эң жакшы баалар менен аяктап, мекенчил замандаштарыбыздын катарын толуктаган. Өз учурунду Кыргыз-Орус славян университетинин гидротехникалык факультетин ийгиликтүү аяктаган. Каарманыбыз учурда 34 жашта. Райондук суу чарба башкармалыгында эмгектенип жаткандыгына быйыл 8 жылдын жүзү болду. Ал эми райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп жатканына 2 жылдан ашты. Ага чейин райондун аймагындагы Шамшы каналында аймактын башчысы болуп бир топ жыл үзүрлүү иштеп, ар тараптуу тажрыйба топтоду. Мекемеде инженер болуп иштеп, бул багытта дагы чыгаан кесипкөй адис экендигин көрсөттү. Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы. Жубайы Айтургандын кесиби мугалим.

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА
№10 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!